ЖАҢЫЛЫКТАР

“Ынтымак жолу”: Бишкектеги студенттер арт-воркшоп иш-чараларына катышты

272

15-февраль саат 16.00дө С.А.Чуйков атындагы «Эмен багы» галереясында «Бишкекте издейм…»  аталышындагы көргөзмөнүн ачылышы болот.

Көргөзмөнүн ачылыш аземине БУУнун системасынын Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору Антье Грейв, Эл аралык Миграция уюмунун (ЭАМУ) Кыргыз Республикасындагы кеңсесинин башчысы Бермет Молдобаева, Ден соолукту чыңдоо ассоциациясынын (ДЧА) жетекчиси Гүлмира Айтмурзаева жана башкалардын катышуусу пландалууда. 

Көргөзмөгө Ахунбаев И.К. атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын (КММА), Акматкан Молдогазиев атындагы Бишкек медициналык колледжинин (БМК), жана Эл аралык жогорку медицина мектебинин (ЭАЖММ) жергиликтүү жана чет элдик студенттеринин эмгектери коюлат.

Көргөзмө «Ынтымак жолу» программасынын алкагында өткөрүлгөн бир катар көркөм өнөр семинарларынын жыйынтыгы болуп саналат.  Акыркы эки жуманын ичинде «Менин сүйүктүү шаарым» деген темадан шыктанган студенттер текстиль, инсталляция, басып чыгаруу жана башка куралдар менен иштөө ыкмаларын үйрөнүштү. Мында аларга заманбап искусствонун сүрөтчүлөрү Айзуура Бакалова, Медер Ахметов, Мунара Абдукахарова жана Рахат Асангулова жардам беришти.  Бул процессти “Театр 705” көз карандысыз арт-платформасы көзөмөлдөдү.

Бул иш-чаралар катышуучуларга өздөрүнүн сезимдерин жана ойлорун искусство аркылуу билдирүүгө, жаңы досторду табууга жана аларды бириктирген шаар тууралуу өз көз караштары менен бөлүшүүгө мүмкүнчүлүк берди.

«Ынтымак жолу» программасы Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы тарабынан, КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен биргеликте Эл аралык Миграция уюмунун (IDF) Өнүктүрүү Фондунун каржылык колдоосунда ишке ашырылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.