Кыргызстанда жыл сайын июль айынын биринчи жекшембисинде медицина кызматкерлеринин күнү — жарандардын ден соолугу менен өмүрүн сакчылыгында күнү-түнү эмгектенген адамдардын кесиптик майрамы белгиленет. Ушул күнгө карата, 2025-жылдын 30-июнунда Т. Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында өлкөнүн медициналык коомчулугунун башын бириктирген салтанаттуу жыйын өттү.
Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев, Жогорку Кеңештин депутаттары, Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев, саламаттык сактоонун ардагерлери, өнөктөш уюмдар, ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарынан келген саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилери жана кызматкерлери катышты.

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаев кесиптештерин кесиптик майрамы менен куттуктап жатып, кесибине берилгендиги, жогорку кесипкөйлүгү жана милдетин татыктуу аткарып жатканы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал өзгөчө саламаттык сактоо тармагына өмүрүн арнап, жаш дарыгерлердин бир нече муунун тарбиялап өстүргөн, Кыргызстанда жана анын чегинен тышкары да таанылган медицина ардагерлеринин эмгегин баса белгиледи.
Майрамдык иш-чара Кыргыз улуттук филармониясынын чыгармачыл жамаатынын концерттик программасы менен коштолуп, келген конокторго дем-күч жана кубаныч тартуулады. Бул көз ирмемдер тынымсыз жана майрам күндөрүнө карабай иштеген эмгеги үчүн дарыгерлерге болгон терең ыраазычылыктын жылуу белгиcине айланды.
Мындан тышкары, салтанаттын алкагында мыкты жана татыктуу кызматкерлер сыйланды. Жалпысынан республика боюнча 486 медицина кызматкери “Саламаттык сактоонун ардактуу кызматкери” төш белгисине, дагы 401 мыкты адис Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Ардак грамотасына ээ болушту.
Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
944 










