ЖАҢЫЛЫКТАР

«КРнын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөөлөрүнөн коргоо жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири жөнүндө» тегерек стол өттү.

724

Борбор калаада коомдук жайларда тамеки чегүүгө толук тыюу салуу боюнча ченемдерди ишке ашыруунун эл аралык тажрыйба алмашуу максатында Саламаттык сактоо министрлиги Республикалык ден соолукту чыңдоо жана коммуникация борбору тегерек стол өткөрдү. Жыйында 2021-жылдын 15-сентябрындагы «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки, никотин керектөөлөрүнөн  коргоо  жана экологиялык тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасири жөнүндө» пикир алышуу өттү.

Жыйынга Орусиянын  жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу, тамеки чегүү жана зыяндуу алкоголдук керектөө, биомедициналык илимди жана технологияны өнүктүрүү жаатындагы эл аралык мыйзамдарды талдоо тармагындагы адис Виктор Александрович Зыков,  Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрагасынын орун басары  Исатбек кызы Аида, Саламаттык сактоо министринин орун басары Арыкбаева Бүбүжан Камчыбековна, Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү  жана РДЧжМКБнын чылым чегүүгө каршы күрөшүү бөлүмүнүн башчысы  Чынара Бекбасарова катышты.

  Тегерек столдо  «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоо жөнүндө» Мыйзамынын 13 жана 19-беренелеринин укуктарынын аткарылышын камсыз кылуу маселелери жана кесепеттери талкууланды. Адистердин айтымында,  коомдук жайларда тамеки чеккендердин саны жыл сайын көбөйүүдө. Мындан улам, жыйын катышуучулары бийлик өкүлдөрүнө коомдук жайларда чылым чегүүгө такыр тыюу салуу сунушталды.

Кыргызстанда тамеки 22 эсе жогору өстү:

Кыргызстанда тамеки тартуудан пайда болгон оорулардан жылына 6 миңден ашуун адам көз жумат. Айрыкча мунун ичинен эң коркунучтуусу рактын ар кандай түрлөрүнө, өпкө рагына чалдыккандар көп кездешет. Себеби тамеки тартпагандарга караганда тамеки тарткандардын бул ооруга чалдыгуусу 22 эсе жогору болот.


Калыптануу мезгили:
Тамеки чегүүнүн адатка айланып кетишине андагы негизги таасир этүүчү зат – никотиндин бир аз дүүлүктүргүч касиетке ээ болгондугу да түркү берет. Мунун негизинде тамеки чегүүнүн сергитичүү таасири бар, интелектуалдуу активдүүлүктү стимулдаштырат деген ой пайда болот. Бирок мындай физиологиялык эмес стимулдоо акырында адамдын нерв системасын бошоңдотот.Стимулдаштыруу натыйжасына жетүү үчүн ден соолукка зыяндуулугуна карабастан тамекини көп чегүүгө туура келет.


Тамекинин ден соолукка зыяны:
Психикалык  жактан алсыздар тамекини үзгүлтүксүз чегет. Ар бир адам тамеки чеккенде өпкөсү ышталат,акырындап барып өпкө рагына айланат. Тиштери түшөт, боюнда бар аялдардын балдары начар төрөлөт, боюнан түшө берет. Тамеки чеккендер инфекциялык ооруларга тез кабылат. Тамеки чекпегендерге караганда тамеки чеккендерде өлүм өпкө эмфиземасынан 25 эсе, өнөкөт бронхиттен 21 эсе , жүрөктүн ишемиялык оорусунан 3-5 эсе көп болот. Ичеги – карынында жарасы бар жарандардын оорулууларынын абалын абдан начарлатат.

Тамеки жана никотин кесепеттеринен коргоо мыйзамына кол коюлду


Тамеки таштоого чаралар:
Тамеки чегүү адамдардын ден соолугуна чоң зыян келтиргендиктен көп өлкөдө ага каршы күрөшүү боюнча атайын чаралар көрүлүүдө. Ар бир эрки күчтүү адам тамеки чегүүнү таштай алат. Аны дароо таштоо керек, тамекини аз-аздан чегип ,акырындык менен таштоого аракет кылуу максатка жеткирбейт. Тескерисинче, чылым чегүүгө кумарлануу күчөйт ( дароо таштаганда 3-5 күн гана кыйналышы мүмкүн). Тамекини таштоону жеңилдетүүчү медикаменттик каражаттар да бар.Аны пайдаланууну врач менен кеңешүү зарыл.Көп учурда тамекини таштаганда аппетит жакшырып,адам семирип кетиши мүмкүн. Бирок демейде ал тез эле калыбына келет. Тамекини таштагандан кийин толуп кетпөө үчүн сүт-өсүмдүк диетасына жана акырындык менен күч эмгегине өтүү керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.