Алдын алуу

Кыргызстан тузду эң жогорку деңгээде керектеген мамлекеттердин арасындагы тизмеге кирет.

495

Инфекциялык эмес оорулар (ИЭО) – Кыргызстандагы бардык өлүмдөрдүн 80% себеби.
Рак, жүрөк-кан тамыр оорулары, кант диабети жана өпкөнүн өнөкөт оорулары, ошондой эле алардын тобокелдик факторлору – тамеки тартуу, алкоголдук ичимдиктерин зыяндуу колдонуу, зыяндуу тамактануу жана физикалык активдүүлүктүн жоктугу – өлкөнүн өнүгүү жана коомдук саламаттыгында өсүп келе жаткан көйгөй.
Негизги инфекциялык эмес оорулардан эрте өлүм ыктымалдыгы (70 жашка чейин) 2015-жылы 25% ды түзгөн.
Жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондордун үлүшү 50% түзөт.
Өлкөнүн бойго жеткен калкынын дээрлик жарымы (43%) артериялык гипертониядан жабыркаса, көпчүлүгү (79%) гипертонияга каршы дары ичишпейт.
Эркектер дин дээрлик 45% тамеки чегишет.
Ар бир бешинчи адам ашыкча салмак менен жабыркайт.
Кыргызстан тузду эң жогорку деңгээде керектеген мамлекеттердин арасындагы тизмеге кирет.
2015-жылы КР Өкмөтү 3,7 млрд сомду 4 негизги инфекциялык эмес ооруну дарылоого жумшаган.


Бишкекте инфекциялык эмес ооруларды контролдоо боюнча секторлор аралык кеңешме өтүүдө.
Министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү Кыргызстанда ИЭОнун алдын алууга инвестиция салуунун жүйөлөрүн талкуулашууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.