COVID 19

Кыргызстанда COVID-19га каршы вакцинанын 3-дозасын алуу мөөнөтү кыскартылды

216

Эми кыргызстандыктар коронавирус инфекциясынын 3-дозасын (бустердик) 4 айдан кийин алышса болот. Бул мөөнөт мурда 6 ай болчу. Тиешелүү чечим КР Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынды.
“Вакцинанын 3-дозасы 2021-жылдын 20-декабрынан тарта жасалып келет. Жаңы жылдык эс алуудан кийин эпидемиологиялык кырдаалдын начарлаганы байкалууда. Мындан улам жаш курагы алтымыштан ашкан жарандарды, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана социалдык блоктун кызматкерлерин бустердик дозаны алууга чакырабыз”, – дейт КР Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык иммунопрофилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова.
Эскерте кетсек, COVID-19дун жаңы катталган учурлары 11-12-декабрь аралыгында 348ден 465ке чыкты.

Leave a Reply

Your email address will not be published.