жаракат

Балдарды ташууда эмнелер эске алынышы керек?

332

Балдар бакчаларындагы балдарды же мектеп окуучуларын кандайдыр бир уюштуруу иштеринде топ-тобу менен транспортто алып жүрүүгө туура келген учурлар болот. Бул учурда уюштуруучулар эмнелерге көңүл буруусу керек? Албетте бардык иш-чара балдардын коопсуздугун камсыздоо менен башталат. Төмөндө ушул өңүттөгү негизги делген үч бөлүктөн турган эрежелерди сунуштайбыз.



Балдардын уюшулган топторун ташуу

1. Балдардын уюшулган топторун ташуу экиден кем эмес эшиги бар, техникалык абалы мыйзам негизиндеги талаптарга жооп берген автобустар менен жүзөгө ашырылат.

2. Балдардын уюшулган топторун ташуу үчүн арналган автобустар сары түстөгү өчүп – күйүп турган маяк менен жабдылууга тийиш. Бул автобустардын алдында жана артында “Балдар” деген айырмалоо белгилери тагылууга тийиш.

3. Эки же андан көп автобустардын колоннасы мыйзамда белгиленген тартипте жол кыймылынын коопсуздугу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын автомобилдери менен коштолуп жүрүүгө тийиш.

Leave a Reply

Your email address will not be published.