АДК

Кыргызстанда “Кан басымыңды бил!” акциясы башталды

234

Акция шаарларда 3-октябрдан 10-октябрга чейин, айылдарда октябрь бою уланат.
Медицина кызматкерлери, ошондой эле өлкөнүн ар бир аймагындагы ДЧК, ОДЧК жана АДКнын адистери иш-чараларды өткөрүшөт, анын алкагында ар бир адамдын кан басымын өлчөп, калкка жүрөк-кан тамыр ооруларын алдын алуу боюнча маалымат беришет.

Акция калкты артериялык гипертензия жана жүрөк-кан тамыр оорулары жана алардын татаалдашына алып келүүчү башка коркунучтар тууралуу маалымдоо максатында өткөрүлүүдө.
Биз бул акцияга жарандарды катышууга чакырабыз!

Кан басымын контролдоо гипертониялык ооруну баштапкы этапта аныктоого мүмкүндүк берет, мээ инсультунун жана миокард инфарктынын — гипертониянын негизги татаалдашуусунун өнүгүшүн эскертет.

Гипертония (артериялык гипертония, артериялык гипертензия) – кан басымынын жогорулашы.
90% учурларда артериялык гипертензия өз алдынча оору болуп саналат. Көптөгөн гипертониялык бейтаптар кан басымы жогорулаганынан шек санашпайт, анткени оорунун белгилери жок сыяктуу жүрө берет. Ошондуктан гипертонияны «унчукпаган өлтүргүч» деп аташат.
Мындай акциялар жыл сайын өткөрүлөт жана алар 29-сентябрда белгиленүүчү Бүткүл дүйнөлүк жүрөк күнүнө карата өткөрүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.