ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин студенттери үй-бүлөнү пландаштыруу боюнча семинарга катышышты

496

Кыргыз-Түрк Манас университетинин студенттери «Үй-бүлөнү пландоо сен үчүн жана сенин келечегиң үчүн маанилүү» аттуу интерактивдүү семинарга катышышты.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору (РДЧжМКБ) Кыргыз-Түрк «Манас» университети, “Үй-бүлөнү пландоо кыргыз альянсы” коомдук уюмунун колдоосунда жана Кыргызстандагы БУУнун Калк жайгаштыруу фондунун (ЮНФПА) техникалык көмөгү астында студенттер үчүн үй-бүлөнү пландоонун маанилүүлүгү жөнүндө интерактивдүү семинар өткөрдү.

Семинар Эл аралык студенттер күнүнө арналып, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-2030-жылдарга карата калктын ден соолугун коргоо жана саламаттык сактоо системасын өнүктүрүү боюнча «Ден соолугу чың адам – өнүккөн өлкө» программасынын алкагында уюштурулду.

Үй-бүлөнү пландаштыруу – бул ар бир студентке тиешелүү болгон маанилүү тема.

Семинар бул тармакта аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алуунун маанилүүлүгү, ошондой эле контрацепциянын жеткиликтүү ыкмалары жана жыныстык жол аркылуу жугуучу инфекциялардан коргонуу тууралуу айтып берүүгө багытталды.

Семинарда РДЧжМКБнын эксперттери студенттерге ушул маанилүү маселени түшүнүүгө жардам беришти. Актуалдуу статистикалык маалыматтар, контрацепция тууралуу эң эле кеңири жайылган адашууларга жооптор берилип, үй-бүлөнү пландаштыруунун конкреттүү ыкмаларын тандоо жана колдонуу боюнча сунуштар айтылды.

Мындан тышкары студенттер аларды тынчсыздандырган маселелерди талкуулап, өз пикирлери менен алмашуусу үчүн интерактивдүү тапшырмаларды аткарышты.

Дээрлик 100 студент катышкан семинар ар бир катышуучуга жагымдуу жана пайдалуу тажрыйба болду.

Алган билимдер силерге аң-сезимдүү чечимдерди кабыл алууга, ал эми силердин жашооңорду кыйла ишенимдүү жана ийгиликтүү кылууга жардам берет”, – дешет уюштуруучулар тобунун өкүлдөрү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.