Онкологиялык оорулар

Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миңге жакын жаңы учуру катталат

299

Мындай маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин Улуттук онкология жана гематология борбору билдирди.

2020-жылы 5377 адам ооруп калган. Алардан:

эркектер – 2450,
аялдар – 2927.

Жашы боюнча, улуу курактагы топтордо оорунун эң жогорку көрсөткүчтөрү 60 жаш жана андан улуулар (5377ден 2797), бул 52%ды түздү.

Оорунун структурасы боюнча:

1-орун – ашказан рагы (701 оорулуу же 13%),
2-орун – эмчек рагы (616 оорулуу же 11,5%),
3-орун – өпкө рагы (476 же 9,8%),

4-орун – жатын моюнчасынын рагы (434 же 8,1%).

Жалпысынан 2020-жылы рактан 3539 бейтап каза болгон.
анын ичинде:
ашказан рагы – 574 (16,2%)
өпкө рагы – 415 (11,7%)
эмчек рагы – 295 (8,3%)
боор рагы – 268 (7,6%).

Leave a Reply

Your email address will not be published.