COVID 19

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал абсолюттук көрсөткүчкө жетти

336

Кыргызстандагы эпидемиологиялык кырдаал абсолюттук көрсөткүчкө жетти

Акыркы сутканын ичинде COVID-19дун 1965 жаңы учуру катталды. Бул өлкөдө пандемия башталгандан бери абсолюттук көрсөткүч болуп эсептелет. Ал эми дарттан 571 адам айыкса, каза болгондордун саны 8ге жетти. 30-июнь эртең мененки саат 8:00гө алынган маалыматка ылайык ооруканаларда 170 бош орун бар. Стационарларда 962 адам оор, 158 бейтап өтө оор абалда дарыланууда.

Эпидемиологиялык абалдын кескин курчуп кеткенине байланыштуу Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору эскертет: мүмкүн болсо үйдөн чыкпаганга аракет кылгыла, беткап тагынгыла, колдун тазалыгы менен 1 метрден кем эмес аралыкты сактагыла!

Categories: COVID 19, ЖАҢЫЛЫКТАР

Tagged as:

Leave a Reply

Your email address will not be published.