Ыктыярчылар

“Ынтымак жолу”: Ош шаарындагы студенттер сармерден уюштурушту

571

Ош шаарында “Ынтымак жолу” программасынын алкагында эл аралык сармерден уюштурулду. Ош мамлекеттик университетинин жана Батыралы Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин студенттеринин ортосунда чыгармачылык сынак 5-мартта болуп өттү.

Түштүк борборубуздун университеттерин окуу жай катары тандап алган Кыргызстан, Пакистан жана Индия өлкөлөрүнүн жаштары сынакка бир нече жума даярданышкан. Алар студенттик күндөрүнөн сырткары бош убактыларында атайын программанын алкагында номер даярдап, улуттук кийимдери менен өз өлкөсүнүн маданиятын көргөзүү үчүн аракеттеништи.

Сармерден – бул жөн гана сынак эмес, ал студенттер үчүн башка маданият, каада-салт, жашоо образы менен таанышууга эң сонун мүмкүнчүлүк.


“Мындай демилгелер келечекте студенттердин гармониялуу өнүгүшүнө, алардын көз карашын кеңейтүүгө жана маданияттар аралык өз ара түшүнүшүүдө маанилүү роль ойной турганын даярдоого көмөктөшөт”

Ушундай иш-чаралардын аркасында алар бири бири менен тил табышып, достошушат.


“Сармерден – ыр менен бийдеги чыныгы мурас жана жандуу тарых!”

Андыктан, мелдештин жыйынтыгында командалар сыйлыктарга гана эмес, жаңы билимдерге жана көптөгөн позитивдүү эмоцияларга ээ болушту.

Эскерте кетсек, “Ынтымак жолу” программасы Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникациялар борбору менен Ден соолукту чыңдоо ассоциациясы тарабынан Миграция боюнча Эл аралык Өнүктүрүү фондунун каржылык (IDF) колдоосунда ишке ашырылууда.

Программанын алкагында Пакистан, Индия жана Кыргызстандын  студенттеринин өз ара түшүнүшүүсүнө, маданият алмашуусуна жана достукту бекемдөө үчүн иш алып баруу мындан ары да улантылат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.