ЖАҢЫЛЫКТАР

Кыргызстандык журналисттер ТРТда билим алышты

508

Жакында кыргызстандан беш журналистти Туркияда ТРТда билим алышты. Окутуу Туркия республикасы маданият жана туризм министрлиги түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) колдоосу ишке ашты. Бул тренингде Азербайжан, Казакстан,Өзбекистан жана Кыргызстандан келген жыйырма журналист билим алды.
Бир жума бою Огүн Өжек ТРТнын Хабар бөлүмүнүн башчысы тажрыйбасы менен бөлүштү. Огүн Өжек социалдык тармактар аркылуу маалымат таратуунун өзгөчөлүктөрүнө токтолуу менен жаӊы медианын сырларын камтыды.

Катышуучулардын бири оюн мындай бөлүштү: «Бул окутууга катышуу менен, эс алып, тарыхый жерлерге барып, абдан таасирлендим. Устатыбыз ар бирибиздин сурообузга жооп издеп мисалдар менен толуктап жатты. Азыркы маалыматка үзгүлтүксүз толгон доордо туура тандоо жана таратуу жолдорун да камтыды», -деди Женишгүл Тоголокова

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.