COVID 19

Кыргызстанга “Moderna” компаниясынын вакциналары келди

438

25-ноябрда дүйнөнүн 172 өлкөсүн камтыган COVAX демилгеси аркылуу Кыргыз Республикасына Moderna вакцинасынын 115 200 дозасы (mRNA-1273) жеткирилди. Вакциналар Франция өкмөтү тарабынан берилген.

«COVID-19 пандемиясынан улам, дүйнөдөгү бардык өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстан да кеңири масштабдуу саламаттыкты сактоо кризисине туш болду. Бүгүн биз COVAX демилгеси аркылуу Moderna компаниясынан вакциналардын партиясын алдык. Биз баарыбыз эмдөө COVID-19 менен күрөшүүнүн жана эмдөө алуунун эң натыйжалуу жолдорунун бири экенин түшүнүшүбүз керек.

Биргелешкен аракет менен биз коронавирустук пандемияга каршы тура алабыз деп ишенем. Мен Франциянын өкмөтүнө жана COVID-19 менен күрөшүүдө бизге ар тараптуу жардам көрсөтүп жаткан биздин өнүктүрүү боюнча бардык өнөктөштөрүбүзгө ыраазычылык билдирем”, – деди Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев.

Бул вакцина М-РНК камтыган чыгарылып, эффективдүүлүгү 94,1% түзөт. Биз бардыгын эки дозада эмдейбиз. Дозалардын ортосундагы интервал 21 күндөн 28 күнгө чейин. Вакциналар эртең Бишкекте жана Чүй облусунда болот. Бир жуманын ичинде аймактарга жеткиребиз. Сактоо температурасы 15-25 градуска чейин.

Компания 2021-жылдын апрелинен бери Кыргыз Республикасында калкты COVID-19га каршы эмдөөдө. Бүгүнкү күндө биринчи дозасы менен 1 миллион 88 миң 287 адам же 48%, экинчи дозасы менен 871 миң 64 адам же 39% эмдөөдөн өткөн. Жалпы алынган жана сатылып алынган: 3 миллион 311 миң доза вакциналар Sinopharm, Sinovac (Кытай), Astrozeneca (Швеция), SputnikV жана Sputnik Light (РФ), Kazvak ((РК), Pfizer (АКШ) чыгарган.
Бугунку кунгө чейин 1 миллион 959 мин доза пайдаланылды-деп кошумчалады министр А.Бейшеналиев.

Leave a Reply

Your email address will not be published.