Алдын алуу

Кызамыктын алдын алуу: РДЧжМКБ Чүй облусундагы эмгек жамааттарына маалымат таратты

1151

Кыргызстанда кызамык оорусуна чалдыккандардын саны өсүп жаткандыгына байланыштуу, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору адистерди Чүй районуна иш чараны аткаруу боюнча жөнөтүлүүдө.

Бул иш-чаранын максаты – кызамык оорусу боюнча калктын маалымдуулугун жогорулатуу жана оорунун мындан ары жайылышын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди көрүү чарасы каралган.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда кызамык оорусунун 6500дөн ашуун учуру катталып, анын ичинен эң көп Чүй облусу тастыкталган.

РЦУЗиМК МЗ КР адистери Чүй районундагы 40 мамлекеттик мекеме менен активдүү иштешип, кызамык оорусунун белгилери, алдын алуу жана эмдөө ыкмалары боюнча маалымат беришет.

“Биздин негизги максатыбыз – Кыргызстанда кызамык оорусунун мындан ары жайылышын алдын алуу. Биз ар бир жаран эмдөөнүн зарылдыгын билип, кызамык оорусун алдын алуу акмаларын билүүсү үчүн аракет кылабыз”.

РЦУЗиМК МЗ КР бардык жарандарды кызамык оорусунун жайылышын алдын алуу үчүн кызматташууга жана адистердин сунуштарын аткарууга чакырат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.