ЖАҢЫЛЫКТАР

Өлкөнүн түштүк аймагында ден соолук маселелерин илгерилетүү, өнөктөштүктү түзүү жана стратегиялык пландаштыруу

249

 Бул жолугушууда Кыргыз Республикасынын Ош облусу боюнча өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Сарбашев Т.Н., Ош шаардык мэриясынын социалдык өнүктүрүү бөлүмүнүн башкы адиси Шамшиева Г.О., саламаттык сактоонун облустук координатору Нарматова Э.Б., Республикалык Ден соолукту чыңдоо борборунун (РДЧБ) жетекчиси Айтмурзаева Г.Т., РДЧБ жетекчисинин орун басары Усупова Ж.Э., РДЧБнын түштүктөгү бөлүмүнүн адистери жана ММК өкүлдөрү катышты.

Жолугушуунун максаты:

1. Кызыкдар тараптардын ортосунда, Саламаттык сактоо системасындагы ден соолукту чыңдоо кызматынын орду түшүнүгүн иштеп чыгуу.

2. Ишке ашырылып жаткан иш-чаралардын андан кийинки натыйжалуулугун арттыруу үчүн өлкөнүн түштүк аймагында өткөрүлгөн калктын ден соолугун чыңдоо боюнча иш-чараларын талкуулоо;

3. Өнөктөштөрдүн өз ара кызматташтыгын күчөтүү максатында аларды ден соолукту чыңдоо иштерине тартуу.

4. Кийинки кадамдарды талкууга алуу: Жылыштар, көйгөйлөр, мүмкүнчүлүктөр жана өлкөнүн түштүк аймагындагы ден соолукту жакшыртуу боюнча үзгүлтүксүз иш-аракет.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.