Санитария жана гигиена

Мектепке чейинки балдар үчүн маданий-гигиеналык көндүмдөр боюнча жаңы колдонмо жарык көрдү

805

Мектепке чейинки балдар үчүн маданий-гигиеналык көндүмдөр боюнча жаңы колдонмо жарык көрдү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылдын 21-августунда биргелешкен №1008 жана №4904/1 буйругунун негизинде “Мектепке чейинки курактагы балдардын маданий-гигиеналык көндүмдөрүн калыптандыруу” боюнча усулдук колдонмо иштеп чыкты.

Бул колдонмо Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору тарабынан даярдалган жана балдарга гигиеналык көндүмдөрдү үйрөтүүгө жардам берет.

Анда төмөнкү маанилүү темалар камтылган:

Тишти туура тазалоо

Колду самын менен жуу

Тамактануу маданияты

Киим кийүү жана чечинүү адептери.

Колдонмо тарбиячыларга, ата-энелерге жана мектепке чейинки билим берүү мекемелерине пайдалуу курал болуп, балдардын ден соолугун сактоого жана күнүмдүк жашоодогу адаттарын калыптандырууга көмөк көрсөтөт.

Азыркы учурда жогоруда аталган колдонмону Бишкек шаарынын мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин кызматкерлерине (усулчу, тарбиячы, медициналык кызматкерлер) окутуу иши жүрүп жатат.

Leave a Reply

Your email address will not be published.