Тамеки

КРда жаңы тамеки жана никотин камтыган продукцияны жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү максатында резолюция кабыл алуу маселеси коюлду

848

5-декабрда Бишкекте “Кыргыз Республикасында жаңы тамеки жана никотин камтыган продукцияны жөнгө салуу: мыйзамдардагы жетишкендиктер жана кемчиликтер, ишке ашыруудагы кыйынчылыктар, мүмкүн болгон чечүү жолдору» боюнча тармактар аралык тегерек стол болуп өттү.

Иш-чара Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Алкактык конвенциясын күчөтүү жана “КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен ошондой эле айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында уюштурулду.

Ага Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, КР Жогорку Кеңешинин депутаты Марлен Маматалиев, КРнын Президентинин Администрациясынын өкүлдөрү, КР  Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева, Дүйнөлүк Саламатыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы кеңсесинин башчысы Доктор Ливиу Ведраско, Коомдук саламаттыкты сактоо институтунун директору Жаркынбек Касымбеков, РДЧжМК борборунун директору Н.Алтымышева жана ошондой эле министрликтердин жетекчилери жана жооптуу кызматкерлери, эксперттер жана журналисттер катышты.

       Тегерек столдун ачылышында сөз сүйлөгөн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, бүгүнкү тегерек столдо жарандарыбыздын ден соолугун сактоо жана коргоо, коомдун ден соолугун чыңдоодогу маанилүү учур экенин айтты. Ошондой эле тамеки жана никотин камтыган буюмдарды жөнгө салуу маселелери менен тамекиге каршы күрөшүү боюнча чаралары жана аларды чечүүнүн эффективдүү жолдору тууралуу өз оюн ортого салды.

Кеңешмеде жаңы жана жаңыдан чыгып келе жаткан тамеки менен никотин камтыган продукцияларды жөнгө салуу  боюнча презентация жасалып, бул маселе боюнча министрлик жана ведомстволордун өкүлдөрү, сектор аралык өнөктөштөр, эл аралык эксперттер арасында талкуулоо, пикир алмашуу жүрдү.

       Тегерек столдун жыйынтыгында “КР жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу максатында жана Кыргыз Республикасында жаңы тамеки жана никотин камтыган продукцияны жөнгө салуу боюнча иш-аракеттерди күчөтүү максатында резолюция кабыл алуу маселеси коюлду.

Categories: Тамеки

Leave a Reply

Your email address will not be published.