ЖАҢЫЛЫКТАР

Талас облусундагы ДЧК адистери мобилографияны үйрөнүштү

553

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери, Талас облусундагы ДЧКнын адистерине, социалдык тармактар аркылуу (инстаграмм, фейсбук, тик-ток) элге маалымат берүүдө, медицина темасын туура чагылдыруу боюнча релиз жазуу, фото жана видео тартуу эрежелерин үйрөтүү максатында атайын тренинг өтүштү.

Бул окутуу Республиканын бардык аймактарында өтөт.

“Бүгүнкү окутууда бизге сунушталган маалыматтар абдан пайдалуу болду, азыркы учурда элдин баары интернет желесинен эле маалымат алып калышпадыбы, буга чейин биз калк арасында кыдырып сөз менен түшүндүрүп маалымат берсек, эми социалдык тармактар аркылуу дагы элге маалымат бергенге мүмкүнчүлүк түзүлдү десем болот.  Биздин жасаган иштерибизди эми мурдагыдан дагы көбүрөөк адамдар билип баштайт, элдин саламаттыгын коргоодо, алардын ден соолугуна кам көрүүдө көбүрөөк салым кошуп баштайбыз, кыскача айтканда эми бизге калк арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү бир кыйла жеңил болоруна ишеним артып турам, мындай пайдалуу, маалымдуулгу көп окутуулар дагы да көп болуп турса дейбиз, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистерине терең ыраазычылык билдиребиз”-деп билдирди Талас облусунун Манас районунда эмгектенген ден соолукту чыңдоо кабинетинин адиси Уулкан Рахматова.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.