Алдын алуу

Мектептерде ден соолук маданиятын калыптандыруу: Саламаттыкты сактоо министрлиги менен Билим берүү министрлиги күч-аракеттерин бириктиришет

510

2025-жылдын 4–5-сентябрында Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин жана Саламаттык сактоо министрлигинин Ага Хан фондy менен биргеликте «Ден соолуктун негиздери, укуктарды жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү» долбоорунун алкагында өкүлдөрүнүн катышуусунда өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо маселелерине арналган көчмө жолугушуу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Мектептеги ден соолук комитеттери жөнүндө жобо» даярдалып, эки министрликтин ортосунда биргелешкен буйрукту бекитүү чечими кабыл алынды. Бул документ мектеп, мугалимдер, окуучулар жана ата-энелердин аракеттерин бириктирип, окуучулардын ден соолугун чыңдоого багытталган системалуу иштин негизин түзөт.

Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан мугалимдер үчүн атайын даярдалган ден соолук боюнча окуу модулдары сунушталды. Бул материалдар мугалимдерге сабактарды кызыктуу жана пайдалуу өткөрүүгө көмөктөшөт.

Бул демилге төмөнкүдөй мүмкүнчүлүктөрдү берет:

окуучулардын өздөрүн ден соолукту чыңдоо процесстерине тартуу;

мектеп, үй-бүлө жана дарыгерлердин аракетин бириктирүү;

билим берүү уюмдарында ден соолук маданиятын калыптандыруу.

Leave a Reply

Your email address will not be published.