Экологиялык шарт

Бишкекте “Коргошундун балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны” деген темада пресс-кафе өттү

559

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору «Экологиялык маалымат кызматы-Бишкек» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Коргошундун балдардын ден соолугуна тийгизген зыяны» деген темада пресс-кафе өткөрдү. «Коргошундун таасирин азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо» долбоорунун ишке кириши менен дал келет.

Иш-чарага Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттыкты сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызмат көрсөтүүлөрдү лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Зинат Бейшебаева, Республикалык сден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, «Экологиялык маалымат кызматы Бишкек» коомдук бирикмесинин өкүлдөрү,  министрликтердин жана ведомстволордун басма сөз катчылары, ошондой эле саламаттыкты сактоо тармагындагы журналисттер жана блогерлер катышышты.

Азыркы учурда, изилдөөлөргө ылайык, дүйнөдөгү ар бир үчүнчү баланын канында туруктуу неврологиялык, когнитивдик жана физикалык зыян келтириши мүмкүн болгон коргошундун көлөмү бар. Дүйнө жүзү боюнча, коргошундун булганышынын кеңири жайылышынан улам, дээрлик бардык калк социалдык-экономикалык абалына, расасына жана улутуна карабастан, анын таасирине дуушар болушат. Мектепке чейинки курактагы балдар нерв системасы калыптануу стадиясында болгондуктан коргошундун зыяндуу таасирине эң көп кабылышат. Коргошундун адамдын ден соолугуна тийгизген зыяндуу таасири адамзатка укмуштуудай кымбатка турат, бул коргошундун интоксикациясын чоңдорго жана балдарга таратып, кийин көп жылдар бою катуу өнөкөт оорулар менен жабыркайт.

Калктын бул боюнча маалымдуулугунун төмөндүгүнө жана адистердин этияттыгына байланыштуу коргошун менен уулануунун көпчүлүк учурлары билинбей калат, жогорку дозаларды кошпогондо коргошун менен ууланууну кан анализисиз аныктоо өтө кыйын же мүмкүн эмес.

Бул биздин замандагы балдардын ден соолугунун эң актуалдуу, бирок анча таанылбаган көйгөйлөрүнүн бири. Ден соолукка жана экономикага тийгизген зор зыянына карабастан, Кыргызстанда коргошундун балдарга тийүүсүн натыйжалуу аныктоо, дарылоо жана алдын алуу үчүн система жана техникалык мүмкүнчүлүк жок.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлиги «Экологиялык маалымат кызматы-Бишкек» коомдук бирикмеси менен биргеликте «Таза Жер» (кайрымдуулук уюму) менен өнөктөштүктө Такеда Фондунун каржылык колдоосунда «Коргошунду азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо системаларын бекемдөө» беш жылдык долбоорун ишке ашырууда. Долбоор коргошундун айлана-чөйрөнүн булганышынын адамдардын ден соолугуна, өзгөчө Кыргызстандагы мектеп жашына чейинки балдардын ден соолугуна тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган. Ошондой эле долбоор Индияда, Индонезияда, Колумбияда жана Перуда да ишке ашырылууда, аларда да бул көйгөйдү натыйжалуу чечүү үчүн системалар жана техникалык мүмкүнчүлүктөр жок.

Долбоордун максаты – балдарды коргошундан уулануудан коргоо, балдарда коргошундун уулуу таасирин аныктоо, көзөмөлдөө, дарылоо жана азайтуу үчүн саламаттыкты сактоо тутумун түзүү.

Долбоор негизги техникалык жана клиникалык тоскоолдуктарды жеңүүгө, коргошундан уулануу тобокелдигине мониторинг жүргүзүү жана азайтуу боюнча натыйжалуу улуттук иш-аракеттерди жүзөгө ашырууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги менен өнөктөштүктө мындай булгануу булактарын аныктоо жана экологиялык мониторинг жүргүзүү боюнча бир катар иш-чараларды жүргүзүүгө жардам берет.

Долбоордун негизинде, коргошундун жана башка оор металлдардын кандагы, заарадагы жана башка концентрацияларына мониторинг жүргүзүү үчүн улуттук лабораториялардын жана саламаттык сактоо системаларынын потенциалын күчөтүүнү пландаштырууда.

Маалымат үчүн: Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча коргошун менен уулануу айлана-чөйрөнүн булганышына байланыштуу балдар арасында эң кеңири тараган жана коркунучтуу оору. Эң кооптуусу, коргошун адамдын организмине байкалбай кирип, дароо көзгө көрүнгөн эч кандай өзгөрүү берлгилерди жаратпайт. Жөнөкөй жашоодо коргошун сезилбестен акырындык менен ууландыруучу “көзгө көрүнбөгөн уу”. Мындай учурларда, денедеги терс таасирин аныктоо үчүн атайын медициналык текшерүүлөрдү үзгүлтүксүз жасап туруу зарыл.

Leave a Reply

Your email address will not be published.