АИВ/ЖИКС

Миграция жана АИВ-инфекциясынын коркунучу

102

Өлкөлөр арасында же өлкө ичинде миграцияда жүргөн адамдар АИВке алсыз болушу мүмкүн. Бул социалдык статустун өзгөрүшүнө, медициналык жардам алуудагы кыйынчылыктарга, коопсуз сексуалдык практика жөнүндө маалыматтын жоктугуна байланыштуу болушу мүмкүн.

АИВ-инфекциясы –адамдын иммундук жетишсиздик вирусунан келип чыккан оору. Ал, организмдин ооруларга каршы коргоп турган иммундук системасын жок кылат.

АИВ-инфекциясы — бул дарыдармектерди үзгүлтүксүз колдонбосо, өлүмгө алып келе турган олуттуу оору. Дарыланбаса, бир нече жылдан кийин АИВ-инфекциясы АИЖСге айланат — адамдын иммундук жетишсиздигинин синдрому, дени сак адам оңой көтөрө турган ооруларды организм көтөрө албайт калат.

АИВ КАНТИП ЖУГУШУ МҮМКҮН?

  • Презервативсиз жыныстык катнаш учурунда (өнөктөштүн үй-бүлөлүк абалы жынысы, улуту, маанилүү эмес)
  • АИВ-инфекциясы бар адамдын каны башка адамдын организмине киргенде, мисалы, стерилденбеген инструменттер менен инъекцияларды (ийне) киргизүүдө, же баңги каражаттарын колдонууда.
  • АИВ инфекциясы бар аялдан балага кош бойлуу кезинде, төрөт же эмчек эмизүү учурунда.

СИЗ АИВ ИНФЕКЦИЯСЫН ЖУКТУРА АЛБАЙСЫЗ:

  • Кол алышып, кучакташып, өбүшкөн учурда
  • Жөтөлгөндө жана чүчкүргөндө
  • Идиш-аяк, сүлгү жана шейшептерди бөлүшүп колдонгодо
  • Даараткана, мончого барганда
  • Спорт менен чогуу машыгууда
  • Курт-кумурскалардын чакканы аркылуу жана жаныбарлар тиштегенде.

АИВТЕН КАНТИП САКТАНУУ КЕРЕК?

  • Кайсы өнөктөш менен болсо да, жыныстык катнаш учурунда ар дайым презервативди колдонуңуз.
  • Инъекцияларды медициналык мекемелерде гана жасоо, стерилдүү аспаптарды колдонуу
  • Башка адамдардын каны менен байланышуудан алыс болуңуз Башкалардын устараларын, тиш щеткаларын жана башка гигиеналык каражаттарды колдонбоңуз жана өзүңүздүкүн бербеңиз.

Миграциядагы адамдын жашоо образы өзгөрүлөт, бул АИВинфекциясын жуктуруп алуу коркунучун жогорулатат, андыктан өз ден соолугуңузга кам көрүү маанилүү!

Categories: АИВ/ЖИКС

Leave a Reply

Your email address will not be published.