Жугуштуу оорулар

MPOX (МАЙМЫЛ ЧЕЧЕГИ) ООРУСУНДА ҮЙДӨ ОБОЧОЛОНУУ УЧУРУНДА ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРДАМ КӨРСӨТҮҮ БОЮНЧА СУНУШТАР

9

Эгерде сизде mpox жуктуруп алууга шектенүү пайда болсо, үйдө өзүнчө болуңуз жана ошол замат медициналык жардамга
кайрылыңыз. Эгерде сизге үйдө обочолонуу сунушталса, саламаттык сактоо кызматкерлери менен байланышта болуп туруңуз.

Эгерде теридеги бүдүрчөлөр абдан ооруксунуп, инфекциянын белгилери: жогорку температура, жүрөк айлануу же кусуу, тамак
жегенде же суюктук ичкенде кыйналуу, энтигүү, баштын айланышы же аң-сезимдин чаташуусу пайда болсо токтоосуз түрдө кеңеш алуу үчүн адиске кайрылыңыз.

ҮЙДӨ ОБОЧОЛОНУУ УЧУРУНДАГЫ ӨЗҮНӨ ӨЗҮ ЖАРДАМ БЕРҮҮ БОЮНЧА СУНУШТАР

ҮЙДӨ ОБОЧОЛОНУУ УЧУРУНДА ТЕГЕРЕКТЕГИ АДАМДАРДЫ КАНТИП КОРГОО КЕРЕК?

Бүт жаралар тырык болуп, карттар түшүп жана теринин жабыркаган жери калыбына келгичекти тегеректегилер менен кандай болбосун байланышуулардан качыңыз. Тамак-аш жана биринчи керектөөдөгү буюмдарды жеткирип берүү үчүн досторуңузга же жакындарыңызга кайрылыңыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.