COVID 19

Өнөкөт оорулардын болушу COVID-19га каршы эмдөө үчүн каршы көрсөтмө эмес

545

COVID-19 пандемиясы бүткүл дүйнө жүзүндө ооруга чалдыгуунун жана жогорку өлүм көрсөткүчүнүн тынымсыз өсүшүнө себепчи болду.

Оорунун оор өтүүсүнүн жана COVID-19га байланыштуу жагымсыз жыйынтыктын өзгөчө тобокелчилигине 60 жаштан жогорку курактагы адамдар, ошондой эле жүрөк-кан тамыр оорулары, өпкөнүн өнөкөт оорулары, диабет, семирүү, кургак учук сыяктуу коштогон оорулары бар адамдар дуушар болушат.

Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тобокелчилик тобундагы адамдарга COVID-19га каршы эмдөөдөн өтүүнү сунуштайт.

Жүрөк оорулары жана кан-тамыр оорулары менен жабыркаган адамдарга жаңы коронавирус инфекциясынан эмделүү керек, бирок абалы турукташып калган учурда гана алууга болот.

Жүрөк-кан тамыр оорулары менен жабыркаган бейтаптар үчүн курч абалдардан, анын ичинде мээдеги кан айлануунун бузулушу же миокард инфарктынан тышкары эмдөөлөргө каршы көрсөтмөлөр жок.

Эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр үчүн курч мезгил адатта төрт жумага чейин созулат. Ошол эле учурда калыбына келген мезгил ичинде COVID-19га каршы эмдөө алууга болот.

Кант диабети COVID-19дагы коштогон оору катары гипергликемия жана улгайган курак, семирүү, жүрөк-кан тамыр оорулары, артериялык гипертензия жана башкалар сыяктуу оордоштуруучу тобокелчилик факторлорунун шарттарында инфекциянын оор өтүүсүнүн тобокелчилик фактору болуп саналат.

COVID-19га каршы эмдөө кант диабети жана башка коштогон оорулар менен ооруган адамдардын ден соолугун жана коопсуздугун коргоо үчүн маанилүү инструмент болуп саналат. COVID-19га каршы вакциналар анын ичинде кант диабетинен жабыркаган адамдарда COVID-19дан улам келип чыккан оор дарттардын жана өлүмдөрдүн алдын алуу үчүн эффективдүү жана коопсуз.

Вакцина куйгандан кийин кандагы канттын жогорулашын көзөмөлдөө үчүн бир нече күндүн ичинде кандагы канттын деңгээлине жакшылап байкоо жүргүзүү зарыл.

Кургак учук сыяктуу эле COVID-19 негизинен аба аркылуу таралат, өпкөнү жабыркатат жана окшош клиникалык-рентгенологиялык көрүнүшкө ээ. Бул кургак учук менен ооруган адамдарда коронавирус инфекциясынын келип чыгуу жана өтүүсүнүн тобокелчилик факторлорун жана клиникалык өзгөчөлүктөрүн аныктоонун зарылдыгын аныктайт.

COVID-19дун оор өтүү жана жагымсыз аяктоо ыктымалдуулугу кургак учук менен ооруган адамдарда COVID-19 менен ооруган башка адамдардын арасындагыларга салыштырмалуу жогору.

Кургак учук менен ооруп айыгуу же аны менен ооруп жүрүү COVID-19га каршы эмдөө үчүн каршы көрсөтмө болуп саналбайт.

Кургак учук менен жабыркаган бейтаптар негизги дарылоо курсунан өткөндөн кийин, динамикасы оң болгондо жана медицина кызматкеринин байкоосу астында гана COVID-19га каршы эмдөө ала алат.

COVID-19га каршы вакциналар оорунун оор өтүүсүнө, ооруканага жаткыруу жана вирустун бардык өкүм сүргөн варианттарынан болгон өлүмдөргө бөгөт коюу үчүн эффективдүү. Бирок бир дагы вакцина 100% коргобойт. Ал гана эмес эмдөөнүн толук курсунан кийин дагы COVID-19 менен ооруп калуу тобокелчилиги кала берет.

60 жаштан жогорку курактагы адамдарда, ошондой эле коштогон оорулары бар адамдарда вакцинанын бир же эки дозасын куйгандан кийин COVID-19га каршы жетишерлик иммунитет дайыма эле иштелип чыга бербейт. Максималдуу иммундук жоопту калыптандыруу үчүн кошумча бустердик дозаны 4-6 айдан кийин алуу сунушталат.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.