ЖАҢЫЛЫКТАР

Некролог – Тоголокова Жеңишгүл Дакеновна

4204

Акпай калды деңиз болчу мөл булак, жанбай калды өчпөй турган шам чырак.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору орду толгус чоң жоготууга учурады. Борбордо эмгектенген дасыккан коммуникатор адис, журналист Тоголокова Жеңишгүл Дакеновна 25.07.2022-жылы, 44 жаш курагында  дүйнө салды.

Жеңишгүл Тоголокова 2020-жылы Коронавирус пандемиясы башталган учурда РДЧжМК борбордо иштеп, элдин саламаттыгын чыңдоого чоң салымын кошту.  

Ооруларды алдын алуу багытында дарыгерлер менен элдин ортосунда көпүрө болуп берди.  Байланышты бекемдөө максатында ден соолук тууралуу, массалык маалымат каражаттарына бир нече эфирлерди уюштуруп берчү. Бул жаатта журналисттер менен өтө тыгыз иш алып барган инсан. Ар бир берилген ишке өтө так жана берилгендик менен мамиле кылчу. Тилекке каршы ажалга айла жок демекчи, ден соолугуна байланыштуу арабыздан эрте кетти.

Кесиптешибиз 10.05.1978-жылы Ысык-Көл районунун Темир айылында жарык дүйнөгө келген. Мурда өзүнүн айтканы бар. Учурунда бир топ массалык маалымат каражаттарында иштеген. Алар: “Азаттык”, “Заман Кыргызстан”, Кыргызстан Кызыл Жарым Ай коомунда ыктыярчы, ж.б телеканал, радиолордо кесиптик кызматын аркалаган.

Коомчулукту маалымат менен камсыздоо жаатында  баа жеткис салым кошкон Тоголокова Жеңишгүл Дакеновнанын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүккө сакталат. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору жана Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көнүл айтат. Ыйманы саламат болсун!

Аны Республикалык ден соолукту чындоо жана массалык коммуникация борборундагы кесиптештери эскерет.

1. Жеңишгүл Тоголокова “Заман” эл аралык газетасында 2012-жылдан баштап Талас областынан кабарчы болуп иштеп жүрдү. Адамга кылган өтө сылык мамилеси, адамгерчилиги менен “Замандын” жамаатында өз орду бар эле. Телефон аркылуу  байланышып, кабарларды, маектерди жөнөтүп турчу. Өтө жөнөкөй көлдүк кыз эле. Көлдүк болуп туруп Таласта эмне кылып жүрөсүң деп тамашалап койчу элек, кийин өзүнчө сүйлөшүп калсак, ден соолугуна байланыштуу ошол жердин климатын дарыгерлер сунуштаганын айтчу. Аттиң ай, бүгүн барбыз эртең жокпуз, жалган дүйнө ушул экен. Түбөлүк жашоо акырет тура, Аллахым күнөөлөрүн кечирсин. Кесиптеши Мендеева Аймира.

2.Тоголокова Жеңишгүл айымды жакшы адам катары тааныйт элек. Адам катары кылган мамилеси кайрымдуу, ак ниет, өзгөчө бир сезимтал жана башкаларга сылык мамилеси бар назик жан эле. Өзгөчө кесипкөйлүгүн баса белгилегибиз келет. Өз жумушуна так жана мыкты билген инсан болчу. Тапшырма берсең же бир көйгөй алып чыксан кунт коюп угуп, аягына чыкканга, тереңине чейин изилдегенге аракет кылат болчу. Элде кандай көйгөй болбосун боору ачып ошого жардам берүүгө ар дайым даяр турчу. Ушундай бир жакшы инсан эле. Кесиптешибиздин мезгилсиз дүйнө салганы өкүнүчтүү. Үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз!   Кесиптеши Алимахунов Анарбек.

3.Тоголокова Жеңишгүл эжени 2016-жылы Республикалык ден соолукту чыңдоо борборуна келгенден бери таанып иштеше баштадык. Коллективге келип кошулганда эле эженин башкача жумшак, сезимтал, жүзүндө дайыма күлкүсү чыгып турган ушундай жакшы адам экенин билдик. Жетекчилиги берген тапшырманы кунт  коюп угуп, майын чыгара аткарганга ашыкчу эле. Кесипкөй, кайрымдуу, бардык адамдарга колунан келген жардамын бергенге аракет жасачу. Ооруларды алдын алуу боюнча элге так маалымат берип, журналисттер менен да тыгыз иштешип, кесипкөй, эң негизгиси адамдык сапаттары өтө бийик эжеке эле. Тилекке каршы мыкты адистен айрылып калдык. Кабыргабыз кайышып турат. Үй бүлөөсүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтам. Кесиптеши Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз катчысы Айгерчинова Жылдыз.

4.Жеңишгүл Дакеновна жашоону сүйгөн, өз кесибин ийне-жибине чейин билген, дасыккан журналист болчу. Анын капыстан дүйнө салышы бир гана кесиптештери эмес, кыргыз эли үчүн орду толгус жоготуу болду. Анткени калктын ден соолугун чыңдоодо, оорулардын алдын алуу боюнча коммуникациялык жумушту алып барууда Жеңишгүл Дакеновна алмаштырылгыс кадр болчу. Мындай кайгылуу окуяга байланыштуу эскерүү жазып жатып, терең кайгыруу менен Жеңишгүл Дакеновнанын апасына, бир туугандарына жана жакындарына көңүл айтам. Кайрат кылыңыздар! Сиздер тарбиялап өстүргөн адискөй эженин артында, ал үйрөткөн окуучулары жана татыктуу ысымы калды. Жаткан жери жайлуу, орду жаннаттан болсун. Кесиптеши Бакиров Аман.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

3 replies »

  1. Иий жаман болгон турбайбы, арты кайрылуу болсун! Адамга зыяны жок, жүрөгү жумшак эмес беле.

  2. Эн сонун адамдан айрылдык. Мне будет вас не хватать.

Leave a Reply to Anonymous Cancel reply

Your email address will not be published.