COVIDге каршы эмдөө

ОШ: Коронавирус илдетине каршы эмдөө боюнча флешмоб

164

2021-жылдын 8-сентябрында Ош шаарынын Борбордук аянтында коронавирус илдетине каршы эмдөө боюнча чоң масштабда флеш-моб түрүндө акция өткөрүлдү.
Бул акцияга Ош шаарынын мэриясынын өкүлдөрү, Ош шаарынын баардык саламатты сактоо кызматкерлери, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун түштүк филиалынын кызматкерлери, ырчылар, Кызыл Жарым Ай коомунун ыктярчылары ж.б. катышышты.

Бул иш чарада Ош шаарынын мэринин орун басарлары, саламатты сактоо координатору, профессорлорлор сөз сүйлөп, ырчылар ырдашып, Кызыл Жарым Ай Коомунун ыктыярчылары бийлешти. Ошондой эле мобилдик топ, автоунаасы менен, өз каалоосу менен эмдөө алган жарандарды эмдөөдөн өткөрүшүп, Мегаком компаниясы тарабынан баалуу сыйлыктар тапшырылды.
Болуп өткөн бул иш чаранын негизги максаты:
►Эмдөөдөн өтүүнүн зарылчылыгы боюнча калкка кеңири маалымат берүү.
►Эмдөө планын 70%га жеткирүү
Ош шаарынын мэриясынын колдоосу, Ош шаарынын ҮМБда жана 11 филиалдарында жайгашкан, калк көп топтолгон жайларда (47 пункттары),кошумча уюштурулган эмдөө пунктарындагы адистер жана көчмө мобилдик топтор тарабынан үзгүлтүксүз иш алып баруусунун, Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун Түштүк филиалынын жамааты, Ош шаардык оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык эпидемиологиялык борбору жана иммунолог адистери,Ош шаарынын муниципиалдык аймактык башкармалыктары, жаштар иштери,ден тарбия жана спорт комитеттери калкка баардык ведомство-аралык иштерди күчөтүп,талыкпай маалымат таркатуусунун натыйжасында бүгүнкү күндө коронавируска каршы биринчи доза 48700адам (41%),экинчи доза 34403 адам (29%) эмдөөдөн өтүшүп, Кыргыз Республикасы боюнча эмдөө планын аткаруу боюнча Ош областы( 45% ) 1-орунга,Ош шаары (30%) 3-орунга жетти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.