ЖАҢЫЛЫКТАР

Ош облусунда “Ден соолук кербени”!

155

2017 –жылдын 11-апрелинен тартып,  Ош облусунда “Ден соолук кербени” ишин баштады. Бул иш- чаранын негизги максаты Ош облусунун калкына сапаттуу  медициналык   жардам  көрсөтүү,  жергиликтуу калктын ооруларын өз учурунда алдын алуу, аныктоо жана дарылоо.

Аталган иш-чараны ишке ашыруу максатында Ош облустар  аралык бириккен клиникалык ооруканасынын кардиолог, невропатолог, эндокринолог, гепатолог, гастроэнтеролог, онколог-маммолог, нефролог, психиатр жана башка адистеринен турган мобилдик клиникалар түзүлдү.

Чоңдорду жана жаш балдарды дарылоо мүмкүнчүлүгү бар ар бир багытта иш алып баруучу көчмө дарылоо диагностикалык комплекстер, лоборатордук дарт аныктоо аспаптары  менен жабдылган  мобилдик клиникалар алыскы аймактардагы айылдарды кыдырып,  ар бир айыл окмотундо ооруларды алдын аллуу, дарылоо жана дарт аныктоо максатында иш алып барат.

“Ден соолук кербени” 19-июлга чейин Ноокат, Чоң- Алай, Өзгөн, Алай, Кара-Суу, Араван жана Кара-Кулжа райондорунун алыскы аймактарын кыдырып, калктын саламаттыгына кам көрөт.

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.