Жугуштуу эмес оорулардын а-алуу

Кыргызстанда туз пайдаланууну азайтуу боюнча маалыматтык кампанияны баштоо

359

Биз Кыргызстанда 30-октябрдан баштап 6-ноябрга чейин улана турган жана тузду ашыкча колдонуунун тобокелчиликтери тууралуу маалыматтуулукту жогорулатууга жана кыйла сергек жашоо мүнөзүн колдоого багытталган “Туз кошуу адатыбыздан кутулабыз” урааны астындагы жумалык маалыматтык кампания башталгандыгы жөнүндө жарыялоого кубанычтабыз.

Бул кампания КР Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаментинин (ОАжМСЭКД) жана Кыргызстандагы Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (БДСУ) кызматташуусунда жүрүп жатат

Кыргызстандагы оорулардын жана өлүмдөрдүн 80%дан көбүрөөгү  онкологиялык оорулар, дем алуу органдарынын өнөкөт оорулары жана жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары сыяктуу жугуштуу эмес ооруларга туура келет.

Алардын арасында оорунун 4 түрү бар, биринчи орунда – жүрөк-кан тамыр оорулары, булар артериялык гипертензия (гипертония), инсульт, инфаркт.

Дээрлик ар бир экинчи чоң адамдын жогорку артериялык кан басымы бар. Ошону менен бирге жүрөк-кан тамыр ооруларынын өнүгүүсүнө түрткү берүүчү негизги фактор – тамак-аш тузун өтө көп колдонуу.

Туз пайдаланууну азайтуу – коомдук ден соолукту жакшыртуудагы маанилүү кадам.

Кампаниянын алкагында тузду ашыкча пайдалануунун кесепеттери тууралуу көбүрөөк билүүгө мүмкүнчүлүк бере турган ар кандай иш-чаралар жүргүзүлөт, натрийди азыраак камтыган жана жакшы альтернативаларды көбүрөөк камтыган азыктарды тандоо боюнча сунуштар берилет. Биз ошондой эле БДСУ жана Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин жүрөк-кан тамыр оорулары жана башка жугуштуу эмес оорулардын алдын алуудагы демилгелери тууралуу айтып беребиз.

Туз пайдаланууну азайтуу – улуттун ден соолугуна карай негизги кадам. Биз Кыргызстандын ар бир жашоочусун толук баалуу тамактануунун пайдасына аң-сезимдүү тандоо жасоого жана бекем ден соолукта болуу үчүн өзүңөрдүн туз пайдаланууңарды көзөмөлдөөгө чакырабыз”, – деп айтты КР ССМнын Коомдук саламаттык сактоо, медициналык жана фармацевтикалык кызматтарга лицензия берүү башкармалыгынын начальниги Зинат Бейшебаева.

«Натрий пайдаланууну кыскартуу –  калктын ден соолугун чыңдоонун жана жугуштуу эмес оорулардын жүгүн азайтуунун экономикалык жактан эффективдүү ыкмаларынын бири: натрий пайдаланууну азайтуу боюнча чараларды ишке ашырууга салынган ар бир АКШ доллары 12 АКШ долл., кем эмес өлчөмдө кайтарылат» – деп белгиледи, Кыргыз Республикасындагы БДСУнун өкүлү, доктор Ливиу Ведраско.

Кыргызстандын бардык жарандарын ушул маанилүү демилгеге катышууга чакырабыз. Биз биргелешип кыйла дени сак жана бактылуу жашоого жетише алабыз.

Leave a Reply

Your email address will not be published.