Алдын алуу

РАК, балдардын жана өспүрүмдөрдүн өмүрүнө кооптуу

282

Рак оорусуна чалдыккан баланын аман калуу деңгээли алардын кайсы өлкөдө жашаганына жараша болот, мисалы: кирешеси жогору өлкөлөрдө рак менен ооруган балдардын 80%дан ашыгы рактан айыгат, ал эми кирешеси төмөн жана орто болгон өлкөлөрдө бул көрсөткүч азыраак,  30%дан ашык болот.

Балдардын рак оорусуна эмне себеп болот?

Балдардын рактары түп-тамырынан бери башкача мүнөздөмөлөргө ээ жана чоңдорго салыштырмалуу ар кандай дарылоо ыкмаларын талап кылат. Бул рак оорулары генетикалык мүнөзгө да ээ жана бала төрөлө электе эле пайда болушу мүмкүн.

Көптөгөн изилдөөчүлөр балдардын рак оорусунун себептерин аныктоого аракет кылышкан, бирок балдардын аз сандагы рак оорусуна айлана-чөйрөнүн же жашоо мүнөзүнүн факторлору себеп болорун аныкташкан.

Балдардын залалдуу шишиктеринин жарымынан көбү гемопоэтикалык иммундук системага таасир этүүчү гемобластоздор болот, ал учурлардын дагы 25%ы нерв системасына таасирин тийгизет (борбордук, перифериялык же симпатикалык). Бул рактардын көбү медициналык дарылоого жакшы жооп берет жана эч кандай операцияны талап кылбайт.

Диагностика:

Ооруну эрте аныктоо жана тез арада жардам көрсөтүү рак менен ооруган баланын жашоосун бир топ жеңилдетет. Туура диагностика коюу бул бейтаптар үчүн абдан маанилүү, анткени рактын ар бир түрү белгилүү бир режимге ылайык келет, көбүнчө хирургиялык, нурлануу терапиясы жана химиотерапияны камтыйт.

Кооптуу белгилери:

Кубаруу, кан кетүү тенденциясы, сөөктөр ооруйт.

Өзгөчө оорутпаган болсо да дене шишик сымал болуп чыгат.

Капысынан арыктоо же дене табынын көтөрүлүшү, узакка созулган жөтөл же катуу дем алуу, түнкүсүн тердөө.

Көздүн өзгөрүшү – ак карек, көрүүнүн начарлашы, көздүн айланасындагы теринин өзгөрүшү.

Ичтин көлөмүнүн көбөйүшү, шишик сымал түзүлүштүн болушу.

Өзгөчө катуу баш оору, узакка созулган кусуу.

Сөөктөрдөгү жана буттардагы ооруулар, жаракаттын же инфекциянын белгилери жок буттарда шишик сымал түзүлүштүн болушу.

Бул симптомдорду байкасаңыз, дарыгерге сөзсүз кайрылыңыз!

Дарылоо:

Туура диагноз рактын тигил же бул түрүн жана стадиясында дарылоонун тийиштүү курсун дайындоодо маанилүү. Мисалы; стандарттык терапия химиотерапия, хирургия же нур терапиясын жасоо керек болот. Ошондой эле балдардын тынымсыз физикалык жана когнитивдик өнүгүүсүнө, алардын тамактануусуна өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Бирок адистер айтышат: “Рак оорусуна чалдыккан балдардын 80%дан ашыгы  рак оорусуна каршы медициналык кызматтар жеткиликтүү болсо айыкса болот. Мисалы, дары-дармек менен дарылоодо ДСУнун балдар үчүн эң керектүү дарылардын тизмесине арзан баадагы генерикалык дарылары камтылган. Ата-энелер бул мүмкүнулүктү кое бербеши керек. Жана бул дарылардан кийин дарыланып жаткан балдар, болушунча дарылоонун узак мөөнөттүү терс таасирлерин көзөмөлдөө үчүн үзгүлтүксүз медициналык кароого алынышы керек!

Паллиативдик жардам:

Паллиативдик жардам – бул рак оорусунун симптомдорун жеңилдетүү жана бейтаптардын жана алардын үй-бүлөлөрүнүн жашоо сапатын жакшыртуу. Рак менен ооруган балдардын бардыгын айыктырууга болбойт, бирок ар бир учурда жеңилдетүүгө болот. Балдарга паллиативдик жардам көрсөтүү комплекстүү саламаттык сактоонун негизги компоненттеринин бири болуп эсептелет. Ал оору диагноз коюлган учурдан тартып берилүүгө тийиш жана бала айыктыруу үчүн терапияны алабы же жокпу, ага карабастан, бейтапты дарылоонун жана кам көрүүнүн бүткүл мезгили бою улантуу керек.

Паллиативдик жардам программалары ооруну башкаруу жана бейтаптарга жана алардын үй-бүлөлөрүнө психосоциалдык колдоо көрсөтүү үчүн коомчулукта же үйдө ишке ашырылышы мүмкүн. Акыркы стадиядагы рак менен ооругандардын 80% дан ашыгы пайда болгон орточо жана катуу рак оорусун басаңдатуу үчүн морфин жана башка ооруну дары-дармектерге адекваттуу түрдө жеткиликтүү камсыз кылынышы керек.

Leave a Reply

Your email address will not be published.