Физ. активдүүлүк

РДЧжМК борбору Эл аралык карылар күнүнө арналган “Жүрөктөн жүрөккө” жарманкесине катышты

265

Бүгүн, 30-сентябрда Бишкекте Курманжан Датканын эстелигинин жанында кийизден, жүндөн, жиптен, улуттук сувенирлерден, ошондой эле карылардын колунан жасалган кол өнөрчүлүктүн жарманкеси өттү.

Бул иш-чара буга чейин жакшы салтка айланып, жыл сайын майрамдын алдында өткөрүлүп келет.

Анын максаты – активдүү узак жашоону жайылтуу жана улгайган жарандардын жашоо сапатын жакшыртуу.

Жарманкеде утуш-утуу лотереясы, скандинавиялык жүрүш, концерт жана шахмат турнири камтылган.

Улгайган адам үчүн гимнастика жана кант диабети боюнча кеңеш берүү, алардын салмагын жана кан басымын өлчөө уюштурулду.

РДЧжМКнын адистери жарманкенин катышуучуларына жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу боюнча айтып беришти жана COVID-19га каршы эмдөө боюнча бардык суроолорго жооп беришти.

Мындан тышкары, биринчи жардам көрсөтүү боюнча инструктор Рысбек Букарадинов биринчи жардам көрсөтүү боюнча мастер-класс өткөрдү.

Жарманкенин уюштуруучулары Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги, Бишкек мэриясы, РКП, КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден ссолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору, РКМП, АДРА Кыргызстан ж.б

Leave a Reply

Your email address will not be published.