ДЕН СООЛУК

РДЧжМКБнын адистери КМДБнын Чүй,Ош, Баткен-Жалал-Абад облусундагы имамдарга “балдарды кызамык оорусуна каршы эмдөөдөн өткөрүү” боюнча тегерек стол өткөрдү

584

2023-жылдын башынан бери Кыргыз Республикасында кызамык менен ооругандардын саны өскөн. Өткөн жылдын декабрь айына  карата кызамык менен ооруган 7045 учур катталып, бул оорунун татаалдашынан 9 адам каза болгон. Ошол эле учурда, оорулуулардын эмдөө статусуна ылайык, кызамык менен ооругандардын бардыгынын 88% тигил же бул себептерден улам эмдөөдөн өтүшкөн эмес .  Анын ичинде диний көз караштан улам баш тарткандар да жок эмес.  Кээ бир динчил адамдардын арасында эмдөө заманбап ойлоп табылган нерсе, ошондуктан ислам дининин принциптерине каршы келет деген ишеним бар. Бирок эч бир салттуу дин эмдөөгө тыюу салбайт, тескерисинче, ден соолукту сактоо каалоосу колдоого алынат.

Эмдөө жугуштуу оорулардын алдын алуунун натыйжалуу ыкмасы болуп саналат жана исламда да, православие дининде  да уруксат берилген. «Эгер дары жалгыз болсо жана анын эффективдүү экендиги тастыкталса – ал адамды коргоп, сактап кала турган болсо, анда бул учурда ал аны колдонууга милдеттүү»,деп белгилейт Ош областтык мусулмандар дин башкармалыгынын орун басары Алибек ажы Жусупов.

  Дин өкүлдөрүнө кызамык оорусуна каршы эмдөө (вакциналардын курамы, вакциналарды киргизүү жана сыноо этаптары, терс реакциялар, эмдөөгө каршы көрсөтмөлөр жана каршы көрсөтмөлөр) маселелери боюнча маалымат берүү максатында «Ден соолукту сактайлы» коомдук фонду Республикалык ден соолукту чыңдоо  жана массалык коммуникация  борборунун  колдоосу менен Чүй, Ош, Баткен жана Жалал-Абад облустарында тегерек столдор өткөрүлдү. Иш-чарага жалпысынан 86 имам катышты.

Тегерек столдун максаты

• Диний лидерлерди бүткүл дүйнөдөгү жана өлкөдөгү кызамыктын эпидемиологиялык абалы, кызамыкка каршы, кызылчага, паротитке жана кызамык ооруларынын алдын алуу үчүн колдонулуучу  вакцинанын курамы менен тааныштыруу.

• Вакциналарга жана динге байланыштуу мифтер боюнча талкууларды өткөрүү.

• Жума намазга келген эркектердин (аталардын) арасында эмдөө маселелерин жайылтууга көмөк көрсөтүү боюнча мындан аркы кадамдарды талкуулоо.

Тегерек столдун жыйынтыгы:

Дин өкүлдөрү буларды белгилешти:

• Ислам ар бир адамды өз ден соолугуна туура кам көрүүгө жана оорулардын алдын алуунун жолдорун издөөгө милдеттендирет, анын сүрөттөлүшү хадистерде да билдирилген жана Исламда эмдөөнүн зыяны болбосо, эмдөөгө каршылык жок деп белгиленген.

• Вакцинанын курамында шарият тыюу салган заттар болбошу керек. Анткени шарият арам же ыпластыкка жол бербейт.

Ошондой эле, диний лидерлер кызамык оорусу жана эмдөө боюнча берилген маалымат өтө деталдуу, түшүнүктүү экенин белгилешип, эмдөө маселелери боюнча кызматташууга даяр экендиктерин билдиришти (WhatsApp тобун ачуу сунушталды).

Leave a Reply

Your email address will not be published.