COVID 19

РДЧжМК борбору ЖМКлар аркылуу маалымат берип жүргөн саламаттык сактоо системасындагы медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди

940

15-июлда Бишкекте медицина кызматкерлери үчүн “Вакцина сактайт!” аттуу викторина күнү болуп өттү.
Ага Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун директорунун орун басары Нуржамал Шейшеева, USAIDдин Саламаттыкты сактоо системасынын туруктуулугун бекемдөө (LHSS) долбоорунун директорунун орун басары Венера Майтиева жана Кыргызстандын Кызыл Жарым Ай уюмунун өкүлү Екатерина Орехова катышты.

Алар дарыгерлерге баа жеткис эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип, COVID-19 пандемиясынын башталышынан бери калкка жана бүтүндөй саламаттыкты сактоо системасына көрсөтүлүүчү жардамдын сапатын жакшыртуу боюнча жасалган эбегейсиз зор иштерди эскерип, бардык катышуучуларга ийгиликтерди каалашты.
Мындай форматтагы иш-чара дарыгерлер үчүн биринчи жолу уюштурулду. Ага түрдүү профилдеги элүүгө жакын медицина кызматкерлери – иммунологдор, эпидемиологдор, инфекционисттер, кардиологдор, эндокринологдор, фтизиатрлар, аллерголог, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана башкалар катышты.

Катышуучулар коронавирус инфекциясы жана эмдөө боюнча 20 суроого жооп бериши керек болчу.
Ар бир жооп эки мүнөттөн ашык эмес берилди. Суроолор медициналык билимди гана эмес, логиканы, эрудицияны да талап кылды. Ар бир туура жооп үчүн упайлар берилди.
Медицина кызматкерлери COVID-19 вакциналары боюнча билимдерин сынап гана тим болбостон, позитивдүү эмоцияларды да алды деп үмүттөнөбүз.


Викторинанын жыйынтыгында калыс калыстар тобунун чечими менен сегиз команданын төртөө өз байгелерин алышты.
Тактап айтканда:
1-орун: Mi Shop гаджет дүкөнүндөгү бардык команда мүчөлөрүнө сертификаттар
2-орун: “Кеттик” туристтик агенттиги менен саякатка сертификаттар
3-орун: “Раритет” китеп дүкөнүнө сертификаттар
4-орун: Кондитердик азыктарды сатып алууга сертификат.


Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору ЖМКлар аркылуу маалымат берип жүргөн саламаттык сактоо системасындагы медицина кызматкерлерине ыраазычылык билдирди. Иш-чаранын алкагында COVID-19га каршы эмдөө боюнча телевидение, радио, жалпыга маалымдоо каражаттарына COVID-19 тууралуу эфирде элге туура жана так маалыматтарды жеткирип интервью бергендиги үчүн 30 мыкты спикер тандалып жекелештирилген сыйлыктар менен сыйланды.


Саламаттыкты сактоо адистери үчүн викторина күнүн Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору USAIDдин LHSS Саламаттыкты сактоо системасын чыңдоо долбоору жана Кыргыз Кызыл Жарым Ай коому менен биргеликте өткөрдү.

Leave a Reply

Your email address will not be published.