Ден соолукту чыңдоо боюнча жаңы өнөктөштүк: Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен Креативдүү индустриялар паркы сергек жашоону жайылтуу үчүн күч бириктирүүдө.
Бүгүн Кыргызстандын калкынын арасында ден соолукту чыңдоо жана сергек жашоону жайылтуу боюнча иштин жаңы этабынын башталышын белгилеген маанилүү жолугушуу болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо министрлигинин Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун адистери Креативдүү индустриялар паркынын дирекциясы менен жемиштүү талкуу жүргүзүштү. Жолугушуунун негизги максаты Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн калкты коргоо жана саламаттыкты сактоо тутумун 2019–2030-жылдарга өнүктүрүү боюнча программасы жөнүндө» токтомунун алкагында сергек жашоону жайылтуу, оорулардын алдын алуу жана жарандар арасында өз ден соолугуна жоопкерчиликтүү мамиле кылуу маданиятын калыптандыруу боюнча биргелешкен иштин мүмкүнчүлүктөрүн талкуулоо болду.
Categories: ДЕН СООЛУК, ЖАҢЫЛЫКТАР
РЕСПУБЛИКАЛЫК ДЕН СООЛУКТУ ЧЫҢДОО ЖАНА МАССАЛЫК КОММУНИКАЦИЯ БОРБОРУ
909