COVID 19

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору журналисттер арасында медицина темасын калкка чагылдыруу боюнча пресс-кафе өткөрдү

395

Кыргызстанда 23-апрелден 29-апрелге чейин Европалык иммунизация жумалыгы башталган. Анын максаты – ар бир адамдын узак жана дени сак жашоого өбөлгө түзүүгө, вакциналардын кеңири жеткиликтүүлүгүнүн камсыз кылууга багытталган.

Мындан тышкары, Европалык иммунизация жумалыктын алкагында өлкө боюнча, профилактикалык эмдөө календарына ылайык 76 мобилдик бригада балдарды жана жарандарды пландуу эмдөөдөн өткөрдү. Ошондой эле, калкты дагы COVID-19га каршы эмдөө иштери жүрүүдө.

Жумалыктын жыйынтыгында, 29-апрель күнү Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору “ COVID-19жана вирустук инфекциялардын жайылуусун алдын алуу максатында, маалыматты элге туура чагылдыруу боюнча журналисттер арасында тажрыйба алмашуу максатында  пресс-кафе”  өткөрдү.

Иш-чарага борбор калаадагы массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү жана эркин журналисттер катышты.

Жолугушууда калкты  пландуу эмдөөдөн өткөрүү, жугуштуу жана жугуштуу эмес ооруларды алдын алуу, гинекологиялык жана онкологиялык оорулар боюнча талкуу болду.

Журналисттер  Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору менен мындан ары тыгыз кызматташууга жана маалыматты туура жеткирүүго даяр экенин билдиришти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.