ЖАҢЫЛЫКТАР

Нарын шаарында “Ден соолук үчүн” жарыш болуп өттү. Ага РДЧжМК борборунун өкүлдөрү катышып келишти

179

28-май күнү Нарын шаарында сергек жашоого арналган жарыш болуп өттү.

Бул иш чара Нарын тургундарына массалык спортту жайылтуу, дени сак жашоого үндөө максатында жана ошону менен катар Нарын мамлекеттик университети менен Бириккен Америка университетинин (БАУ) ортосундагы кызматташтыкты жогорулатуу үчүн уюштурулду.

Чуркоо 3 км аралыкта болуп, 18 жаштан 60 жашка чейинки облустук бардык тургундар катышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Чуркоого атайын Бишкектен Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борборунун өкүлдөрү барып катышышты.

Жарыштын уюштуруучулары: Нарын шаардык мэриясы, Нарын мамлекеттик университети, Нарын шаардык спорт бөлүмү, Нарвард КБ. Жыйынтыгында бардык жеңүүчүлөргө биринчи, экинчи, үчүнчү орундар жана сыйлуу белектер ыйгарылды.

Биз сергек жашоо үчүн ✊)

Categories: ЖАҢЫЛЫКТАР

Leave a Reply

Your email address will not be published.