Санитария жана гигиена

Санитарияга инвестиция салуу канчалык маанилүү?

402

Дүйнө жүзү боюнча күнүнө болжол менен 5000 бала гигиеналык эрежелерди сактоого шарты жок болгондуктан ар кандай инфекциялык ооруларга чалдыгып каза болот. Буга элементардуу таза даараткананын жоктугу же колун самындап жууганга мүмкүнчүлүгү жок экендиги себеп болууда.

Бишкектин мектептеринин 16%ында дааратканалар көчөдө жайгашкан жана көпчүлүгүндө гигиеналык нормалар сакталган эмес.
19-ноябрь Бүткүл дүйнөлүк таза дааратканалар күнү катары белгиленип келет. Бул саамалык даараткананы таза кармоонун маанилүүлүгүн эскертет. Кыргызстанда дагы бул маселе канча жылдан бери айтылып, бирок жетиштүү деңгээлде чечилбей келе жаткан көйгөй.
“Ийгиликке кадам” коомдук бирикмеси өлкөнүн 2000 мектебиндеги ажатканалардын абалын изилдеп, кейиштүү жыйынтыкка келишкен: дээрлик бардык мектеп ажатканаларында коркунучтуу антисанитардык шарттар өкүм сүрүүдө.
Эски сантехника, суунун жетишсиздиги, ошондой эле самын менен даарат кагазы, эшиктердин сынган илгичтери – мындай элементардуу нерселердин жетишсиздиги балдардын саламаттыгына олуттуу залакасын тийгизиши мүмкүн.

Санитарияга инвестиция салууга кандай себептер бар?

• Коопсуз санитарияга жетүү адамдын бардык укуктарын ишке ашыруу үчүн маанилүү.
• Негизги санитарияга жумшалган ар бир доллар, 5 долларга чейин медициналык үнөмдөөгө жана өндүрүмдүүлүктүн жогорулашына алып келет.
• Жумуш орундары бүтүндөй тейлөө чынжырында түзүлөт.
• Дааратканадан чыккандан кийин өздүк гигиенаны сактабаса, сарык, ичеги карын жана мите курт илдеттерине чалдыгуу ыктымалдуулугу жогору.

Өзүңүздү жана өзгөлөрдү вирустан коргоо үчүн, колуңузду самындап жууп, антисептик колдонууну унутпаңыз!

Leave a Reply

Your email address will not be published.