АЯЛЗАТ САЛАМАТТЫГЫ

“Сен үйдүн кутусуң! Текшерилгин” Кара-Кулжада 12 аялдын ден соолугунда оорунун белгилери аныкталды

462

“Аялдардын ден соолугун коргоо жана чыңдоо, сүт безинин рагын алдын алуу жана алардын өнүгүүсүндөгү тобокелчилик факторлорун азайтуу максатында 1-октябрда башталган  атайын бир айлык акция өткөрүлүп аяктап калды.

Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Мамытбек Жусупбеков атындагы Жалпы дарыгердик практикалык борборунда, 12112 аял сүт безинин рагын алдына алууга текшерүүдөн өткөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында 12 аялдын ден соолугунда оорунун белгилери аныкталган. Учурда ал аялдар Ош облустук бириккен клиникалык ооруканасына убагында дарыланууга жөнөтүлдү”-деп билдирди Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Мамытбек Жусупбеков атындагы ЖДПБнын амбулатордук дарылоо боюнча бөлүмүнүн орун басары Чынара Кармышакова.

Эскерте кетсек: Бүткүл дүйнө жүзүндө октябрь сүт безинин рагы менен күрөшүү айы болуп саналат, анын максаты – аялдарга керектүү маалыматтарды мүмкүн болушунча көбүрөөк берүү жана сүт безинин рагын эрте аныктоо жана дарылоонун маанилүү экендиги тууралуу калктын маалыматтуулугун жогорулатуу. Бул саамалык учурда республиканын бардык аймактарында жүргүзүлүп, аялдардын ден соолугуна кам көрүүдө медицина кызматкерлери иш алып барышууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.