COVIDге каршы эмдөө

Синофарм вакцинасы коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча БДССУ тарабынан колдоого алынган

141

Урматтуу жарандар!
Кыргызстанда кытай өндүрүшүнөн чыккан Sinopharm вакцинасы менен COVID-19га каршы эмдөө жүрүп жатат. Вакцина коопсуздугу, эффективдүүлүгү жана сапаты боюнча Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун жактыруусуна ээ болгон. Sinopharm вакцинасы менен эмдөө Кытай, Түркия, Араб Эмираттарында, Сербия, Белоруссия, Бахрейн жана башка өлкөлөрдө ийгиликтүү жүргүзүлүп жатат. Вакцина алуу үчүн COVID-19га каршы кайсы гана болбосун эмдөө пунктуна кайрыла аласыңар. Жаныңарда паспорт болууга тийиш. Эмдөө акысыз жүргүзүлөт.
Өзүңөрдү жана айланадагыларды коронавирус инфекциясынан коргогула.
COVID-19га каршы эмделгиле жана оорунун алдын алуу чараларын сактагыла. Беткап тагынгыла, аралыкты сактагыла жана колуңарды жуугула же антисептик менен тазалап тургула.

Leave a Reply

Your email address will not be published.