ДЕН СООЛУК

Өспүрүмдөрдүн ден соолугу — тармактар аралык диалогдун борборунда

17

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги менен биргеликте, «Ага Хан» фондунун колдоосу менен, өспүрүмдөрдүн ден соолугун сактоо жана чыңдоо маселелерине арналган симпозиум өткөрдү.

Иш-чара мектептердеги алдын алуу иштер системасын өнүктүрүүнүн алкагында уюштурулуп, өспүрүмдөрдүн саламаттыгы жаатында тармактар аралык кызматташууну күчөтүүгө багытталды.

Симпозиумдун жүрүшүндө оорулардын алдын алуу натыйжалуу механизми катары Мектептик ден соолук комитеттерин түзүү жана өнүктүрүү маселесине өзгөчө көңүл бурулду. Комитеттер билим берүү уюмдарында коопсуз жана колдоочу чөйрөнү түзүү, зомбулуктун алдын алуу, эрте никелердин, психоактивдүү заттарды колдонуу учурларынын, жугуштуу оорулардын жана өспүрүмдөр арасындагы башка коркунучтардын алдын алуу багытында иш алып барат.

Катышуучулар практикалык инструменттерди, усулдук материалдарды жана демилгени республика боюнча этап-этабы менен жайылтуу боюнча кийинки кадамдарды талкуулашты.

Өспүрүмдөрдүн ден соолугун чыңдоо боюнча иштер улантылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.