Дени сак шаар

“Дени сак шаарлар”: пилоттук шаарлардын мэриялары резолюция кабыл алды

437

Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору «Дени сак шаарлар» программасынын алкагында 2023-жылы 6 пилоттук шаарды тандап алды. Алардын ар биринде программа менен таанышуу жана биргелешкен аракеттерди бириктирүү максатында май айынан сентябрь айына чейин мэриялардын жана муниципалдык бийлик өкүлдөрү менен тегерек столдор өткөрүлдү. Жыйынтыгында шаардык мэриялар тарабынан калктын ден соолугун сактоо жаатында ар бир шаар үчүн артыкчылыктуу темаларды жайылтуу боюнча резолюциялар кабыл алынды.

Программаны ишке ашыруу боюнча конкреттүү кадамдар да талкууланды, алар көзгө көрүнөрлүк натыйжаларды жана мындан ары тажрыйбаны республиканын башка шаарларына өткөрүп берүүнү көрсөтүүдө. Ошентип, Балыкчы шаары калктын аялуу катмары – улгайган адамдар менен «Дени сак тамактануу жана физикалык активдүүлүк» маселелери боюнча иш алып барууга ниеттенүүдө;

Чолпон-Ата шаарында тамекисиз чөйрө түзүлөт; Каракол шаарында ЖБОнун алдын алуу боюнча активдүү иштер жүргүзүлүүдө;

Ош шаарында спорт комплекстерин жана имараттарын көрктөндүрүү жана ачуу менен калктын физикалык активдүүлүгүн жогорулатууга басым жасалууда. Ошентип, алардын жашына карабастан дене тарбиясы менен алектенген адамдардын санын көбөйтүү каралууда;

Жалал-Абад шаарында жугуштуу эмес оорулардын негизги тобокелдик факторлору боюнча иш алып баруу, туура тамактануу үчүн шарттар түзүлүүдө;

Ысык-Ата районунда пландык эмдөө менен камтуу төмөн 44%ды түзгөндүктөн, «Эмдөө менен камтууну жогорулатуу» темасы тандалган. Калк менен профилактикалык иш-чараларды өткөрүү жана медициналык кызматкерлер үчүн бейтаптар менен инсандар аралык байланыш боюнча окуу семинарларын өткөрүү пландаштырылууда.

Leave a Reply

Your email address will not be published.