COVID 19

Кыргызстанга 80миң дозалык вакцина алынып келинди

293

Кечээ 17-июнда Кыргызстанга Россиянын Спутник-V вакцинасы 80миң дозалык өлчөмдө алынып келинди. Бул вакциналар жалпы жонунан 40миң адамга пландалууда.
Аталган Спутник-V вакцинасын 60 жаштан жогорку курактагылар жана өнөкөт оорусу барлар гана ала алышат.
Вакцина Бишкек жана Ош шаарларында ошондой эле Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл областтарында жеткиликтүү.
Вакцинация жүргүзүлүүчү даректер эртең мененки саат 8:00дөн 23:00гө чейин кызмат көрсөтөт:
Бишкек шаары боюнча: №2, 3, 6, 7, 8 Үй-бүлөлүк медицина борборлорунда
Чүй областы боюнча: Кант, Сокулук, Москва жана Панфилов райондорундагы Үй-бүлөлүк медициналык борборлорунда жүргүзүлөт.

Leave a Reply

Your email address will not be published.