Алдын алуу

Стоматит, кариес, порадонтоз, гингивит: ооз көңдөйүндөгү ооруларды алдын алуу

635

Ооз көңдөйүндөгү оорулары адамдардын эң кеңири тараган оорулардын бири. Ооз көңдөйү – дененин күзгүсү, анын абалынан бүт организмдин ден соолугу көз каранды. Бүгүн Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору гигиена жана рационалдуу тамактануудан турган ооз көңдөйүндөгү ооруларды алдын алуу тууралуу кыскача сөз кылат.  

Дарыгерлер тишти күнүнө эки жолу, эртең менен жана кечинде талыкпай жууш керектигин эскертишет. Анткени уйку учурунда ооз көңдөйүн бактериялардан коргой турган шилекей аз өлчөмдө бөлүнүп чыгат.

Курамында фторид бар тиш пастасы тиш ооруларына каршы күрөшүүдө алдын алуу ролун ойнойт. Тиш пастасынан тышкары, башка көптөгөн ооз көңдөйүн тазалоочу каражаттар бар – чайкоочу каражаттар, тиш жиптери, тиштер аралык щеткалар ж.б.

Көп учурда  тамактануу эрежелерин сактоо абдан маанилүү

Тамактануунун курамында   сүт, быштак, сыр, балык, жаңы жашылча-жемиштер камтылышы керек. Курамында кант бар тамактарды ашыкча жебеңиз. Кант тиштин эмалында бактериялардын көбөйүшүнө өбөлгө түзөт, бул өз кезегинде кариестин өнүгүшүнө алып келет. Сиз же сиздин балдарыңыз канттуу тамактарды (торттор, таттуулар, газдалган суусундуктар) ичкен болсоңуз да, эң жакшы кеңеш – оозуңузду суу менен чайкап туруңуз, ал глюкозаны ооз көңдөйүнөн чыгарууга жардам берет.

Төмөнкүлөр тиште жана ооздо эң көп таралган оорулар

  • Кариес – бул тиштин эмалынын (жогорку катмарынын), андан кийин дентиндин (ички катмарынын) бузулушу менен байланышкан. Адегенде эмал, андан кийин дентин жабыркап, кариес тиштин пульпасына жеткенде («нерв») татаалдашат. Кариес акырындан чирип тишти бузуп жок кылат. Кариестин жабыркашы өнүгүп адам катуу ооруну жана дискомфортту сезиши мүмкүн. Дарылоону тиш катуу жабыркаганга чейин, эртерээк баштап алдын алуу керек.
  • Порадонтоз – тиштин тешиги менен тамырынын ортосунда жайгашкан чел тканынын жабыркашы. Оорунун жүрүшү жагымсыз, жыйынтыгында тиштин жоголушуна алып келет. Пародонт оорусунун жүрүшүнө тамеки, насвай чегүү сыяктуу көз карандылык олуттуу таасир этет: жалпы организмдин иммундук күчтөрүн азайтуудан тышкары, тиш ткандары кычкылтек менен камсыз кылуунун бузулушунан, ошондой эле алардын кыжырдануусунан жабыркайт. Ошондуктан тамеки чеккендердин пародонт оорусунун агымы тамеки тартпагандарга караганда үч эсе начар экендиги байкалган.
  • Гингивит – бул көбүнчө ооз гигиенасы туура эмес сакталгандыктан пайда болгон тиштин сезгениши. Патогендик микроорганизмдер тиштин түбүндө пайда болуп таштар топтолуп, сезгенүү процессин пайда кылат. Гингивитте сезгенүү тиштин үстүнкү былжыр челин гана каптайт, жыйынтыгында тиште шишик, кан агуу пайда болот, басканда бир аз ооруу же ыңгайсыздык жаралып, ооздон жагымсыз жыт чыгышы мүмкүн. Мындай учурда дарылоону эрте баштабасаңыз, сезгенүү андан ары өтүп, пародонтко таасир этет.
  • Пульпит – Пульпит бул тиштин жумшак ткандарынын, целлюлозанын (кан тамыр-нерв түйүнүнүн) сезгениши. Көбүнчө пульпитти тез арада дарылабаса, тиштин чиришинин татаалдашуусу катары өнүгөт. Өнөкөт жана курч пульпиттер айырмаланып, адамда катуу оорууну пайда кылат, тынымсыз ооруйт. Алар химиялык жана температуранын таасири астында да пайда болот.
  • Стоматит – былжыр челдин сезгениши, балдарга жана чоңдорго мүнөздүү. Көбүнчө стоматит бактериялык, вирустук же грибоктук мүнөздө болот. Сапатсыз тиш щеткасы, туура эмес брекет же таажы, жаак менен эриндериңизди тиштеп алуу адаты да стоматитти пайда кылышы мүмкүн.

Ооз көңдөйүндө төмөнкү белгилер байкалса, тиш доктурга кайрылыңыз:

• тиш менен бүйлөдөгү оору;

• тиштин былжыр челинде шишик пайда болуп канап кетүү;

• ооздон жаман жыт чыгуу;

• ооздун былжыр челиндеги жаралар;

• лимфа бездеринин шишиги;

• жаак менен беттин шишиги.

Эсиңизде болсун, тиш доктурга профилактикалык кароо жылына 1-2 жолу чоңдор жана балдар үчүн сөссүз жүргүзүлүшү керек!

Categories: Алдын алуу

1 reply »

  1. Ыракмат, керектүү маалымат экен. Шаарда балдар тиш оруукана жөнүндө жасып койсоңор жакшы болмок.

Leave a Reply

Your email address will not be published.