Алкогол

СТРЕСС ЖАНА АЛКОГОЛЬ

191

Такай болуп туруучу стресс, чарчоо жана кыжырдануулар кан тамырлардын чыңалуусу менен катар артериалдык кан басымдын туруктуу мүнөздө жогорулоосуна алып келет.

Айрым адамдар алкоголдук ичимдик ичүү менен стресстик абалды жеңүүгө аракет жасашат жана ошол жардам берип жатат деп ойлошот. Бирок бул учурда алкоголь мээге жана адамдын ой жүгүртүүсүнө, эс тутумуна залалын тийгизип, организмдин башка органдарын ууландырып жаткан учур болот. Ошондуктан бул учурда адамдын стресстик абалы андан ары анын уулануусу менен коштолот дагы, ууланган организм ой жүгүртүүнү начарлаткандыктан алкоголдун жардамы менен стресстен арылып жатам деген ката ойго токтолушат.

Такай алкоголдук ичимдик ичкен адамдардын 40% жогорку кан басым оорусу менен жабыркашы далилденген.

Стрессти алдын алуу үчүн сунуштар:

Көп нерсеге көңүл бурбагыла

Позитивдүү ой жүгүртүүнү үйрөнгүлө

Көңүлдү башка нерсеге алаксытууну колдонгула

Терс эмоциялардан алыс болгула

Көңүлдү көтөрүнкү абалда алып жүргүлө

Физикалык көнүгүүлөрдү жасагыла

Колуңардагы нерсеге ыраазы болуп каниет кылгыла

Эс алганга убакыт бөлүп, саякатка чыккыла

Таза абага тез-тез чыгып тургула

Өзүңөрдү өз алдынча кайраттагыла

Өзүңөргө жаккан бир иш же хобби таап алгыла

Өзүңөрдү кубандырган нерселердин тизмесин түзүп алып, маанайды көтөрүүгө аракет кылгыла

Кыялданып, фантазияны иштеткиле

Күндөлүк түзүп, күнүмдүк иштерди ирээттештирип алгыла

Leave a Reply

Your email address will not be published.