COVID 19

COVID-19: Кыргызстанда кандай вакциналар бар жана алар кантип алынган?

181

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги 2020-жылдан бери калкты коронавирустук инфекцияга каршы эмдөө менен камсыздоо боюнча иштерди жүргүзүп келет. Кыргызстан расмий түрдө бардык өлкөнүн милдеттенмелерин аткарып, COVAX механизмине кирди, вакциналар да республикалык бюджеттин эсебинен сатылып алынды жана Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы жана Ислам банкы тарабынан донордук жардам көрсөтүлдү.

Бардыгы болуп 6 168 200 доза вакцина алынган жана сатылып алынган, анын ичинен:

COVAX механизми боюнча 1 428 000 доза;

2 280 200 доза – гуманитардык жардам;

2 460 000 доза – республикалык бюджет;

Бүгүнкү күндө вакциналардын 2 миллион 686 миң 437 дозасы гана колдонулса, 3 миллион 481 миң 763 доза калды. Бул дозалар калкты кошумча жана кайра эмдөө үчүн колдонулат.

Алынган:

Sinopharm – 4 448 800 доза, анын 2 млн 350 миңи республикалык бюджеттен, 1 млн 800 миңи Кытайдан келген гуманитардык жардам, 298 800 миң дозасы COVAX механизми боюнча.

Sputnik V – 120 000 доза, анын 10 000 дозасы гуманитардык жардам.

AstraZeneca – 549 760 доза, анын ичинен 95 миң доза гуманитардык жардам (Польша 55 миң доза, Азербайжан 40 миң доза), COVAX механизминин алкагында 454 миң доза.

QazVac – 25 000 доза, гуманитардык жардам Казакстан Республикасы.

Pfizer – COVAX мекемеси боюнча 458 640 доза (АКШнын кайрымдуулугу).

Sputnik Light – 200 000 доза, Россия Федерациясынын гуманитардык жардамы.

Sinovac – 150 000 доза, гуманитардык жардам Түркия.

Moderna – COVAX механизми боюнча 216 000 доза (Франциядан берилген).

2022-жылга чейин COVAX механизми боюнча Moderna тарабынан чыгарылган 100 800 доза вакцина жеткирилет.

Categories: COVID 19

Leave a Reply

Your email address will not be published.