Тамактануу

Тамак-аш коопсуздугу ар бир адамдын иши

419

2024-жылдын 7-июнь күнү Дүйнөлүк тамак-аш күнүнө карата Муса Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинде “Тамак-аш коопсуздугу ар бир адамдын иши”- аттуу “Тамак-аш коопсуздугу: күтүлбөгөн кырдаалдарга даярдануу”, – темасында тегерек стол болуп өттү.

Иш-чараны Кыргызстандагы БУУнун азык-түлүк жана айыл чарба уюму, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университети жана “Товар таануу,бажы экспертизасы, ресторан бизнеси”, “Коммерция жана маркетинг” кафедралары уюштурган.

Саамалыкка Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык комуникация борборунун тамактануу гигиенасы боюнча даарыгери Марина Дуйшенкулова, ЖК депутаттары, М.Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык илим-изилдөө университетинин жетекчилиги менен студенттер катышты.

Тегерек столдун жүрүшүндө анын катышуучулары Кыргызстандагы тамак-аш коопсуздугунун абалы, аны менен байланышкан коркунучтар, күтүлбөгөн кырдаалдар жана ага даяр туруу, туура тамактануу сыяктуу темалардын үстүнөн кызуу талкуу жүргүзүштү.

Categories: Тамактануу

Leave a Reply

Your email address will not be published.