Балдарга кам көрүү

Өспүрүмдөрдүн анатомия, физиология жана психологиясындагы курактык өзгөрүүлөрү

802

Адистер баланын төрөлгөндөн баштап жашы жеткенге чейинки өнүгүүсүнүн бир нече баскычтарын бөлүп көрсөтүшөт. Чоңойгон сайын болуп жаткан өзгөрүүлөрдүн ырааттуулугу болжол менен бирдей болсо дагы, ар бир бала өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө жана жеке өнүгүү темптерине ээ.

1-ЭТАП. Төрөлгөндөн тартып 2 жашка чейин

Ачылыш жана таанып-билүү

• Толугу менен өзүнүн сезгендерине, кармаганда, даамдаганда жана жыттаганда эмнени сезсе, эмнени укса жана көрсө ошого басым жасайт: оюнчуктарды сорушат, адамдарды же буюмдарды карашат, кунт коюп угушат, ошондой эле өзүнүн денесин өздөштүрө башташат – анын бөлүктөрүн, анын ичинде жыныс органдарын дагы кармап көрүшөт. Адатта бул атайылабастан жасалат.

• Ата-энелердин кучактоосу жана эркелетүүсү ымыркайлар үчүн абдан маанилүү, анткени алардын дени сак социалдык жана эмоционалдык өнүгүүсүнүн негизин түптөйт. Мунун жардамы менен аларда жайлуулук жана коопсуздук сезими пайда болот. Ата-энелер ойноп жана балдар менен сүйлөшө билгендиги дагы маанилүү. Бул өнүгүүгө абдан жакшы түрткү берет.

2-ЭТАП. 2 жаштан 4 жашка чейин

Өзүн жана денесин таанып-билүүнү улантышат. Алардын сырткы көрүнүшү башка балдардын жана чоңдордун сырткы көрүнүшүнөн айырмаланарын түшүнө баштайт. Алар эркек балдар же кыздар экендиги тууралуу билишет. Инсандыктын жана жыныстык жактан таандык болуунун калыптануусу башталат.

Физикалык байланышка болгон жетишерлик күчтүү керектөөнү башынан өткөрө баштайт. Аларга кимдир бирөөнүн астында отуруу жагат, аларды кучактаганда ырахаттанышат.

Эмнени жасоого «болоорун», эмнени жасоого «болбостугун» түшүнө баштайт жана алгачкы социалдык нормаларды өздөштүрүшөт.

• Баланын тили активдүү өнүгөт. 
Интеллектуалдык өнүгүүдө секирик жасайт:
• Түстөрдү (сары, кызыл, көк, жашыл) атайт
• Чоңдуктарды (чоң, кичирээк, кичинекей) бөлөт
• Формаларды (айлана, чарчы, үч бурчтук) атайт
• Буюмдун мейкиндиктеги жайгашуусун билет (жакын, алыс, бийик, жапыз, алдыда, артта)
• Буюмдарды түсү, формасы, өлчөмү боюнча салыштырат
• Колдун жана көрүүнүн кыймылдарын координациялайт
• «Көп», «аз», «бирөө» деген эмне экендигин түшүнөт

3-ЭТАП. 4 жаштан 6 жашка чейин

Оюн жана достук эрежелерин өздөштүрүү

Бул этапта балдар:

Курбалдаштары менен көбүрөөк байланыша башташат, мисалы, бала бакчада; өзүн алып жүрүүнү, чогуу ойногонду, достошконду, карама-каршылыктарды чечүүнү үйрөнө баштайт.

Өзүнүн денесин «үй-бүлө» же «дарыгер» оюндарынын процессинде изилдешет.

«Балдар кайдан келет» деген суроолорду беришет – аларда репродукция маселелерине кызыгуу өсө баштайт.

Алар эркек бала жана кыз экенин жана дайыма ошол боюнча каларын түшүнүшөт. Аларда гендердик ролдор тууралуу так түшүнүктөр өнүгөт: «эркек бала эмне кылат» жана «кыз эмне кылат».

Достукту жана кимдир бирөөгө болгон жакшы көрүүнү көп учурда «сүйүп калуу» катары элестетишет. Мисалы, өзүнүн курбу кызын же досун, мугалимин, коёнегин «сүйүп калгандыгын» айтышат. Аларда балалык жакшы көрүү жана жакындык сезими көрүнө баштайт.

Өз алдынчалыкка умтулуу өсөт жана көп нерселерди өзү жасаганды каалайт. Өзүнүн укуктары, керектөөлөрү тууралуу билдирип, жакын чөйрөсүндө өз эрежелерин орнотууга аракеттенет.

Чыгармачылык жөндөмдүүлүк өнүгөт. Алар жомоктордун, кыялдануулардын дүйнөсүндө жашайт, ал жерде алар башкы каарман болуу, жетишпей жаткан таанууга жетишүү мүмкүнчүлүгүнө ж.б. ээ болушат.

Бир нерсени билүүгө абдан кызыкдар боло башташат жана көрүп турган бардык нерселер тууралуу суроолорду беришет. Дайыма ар кандай маселелерди айтууга жана талкуулоого даяр. Алардын таанып-билүүгө болгон кызыгуусу кызыктуу маектешүү же кызыктуу оюндан соң тарайт.

Башка жыныстагы ата-энени эмоционалдык артык көрүү 4 жашта көбүрөөк байкалат. Кыздар аталарын абдан жакшы көрүшөт, өзгөчө аларга сыртынан окшош болсо, ал эми эркек балдар энесине карата эмоционалдык кызыгууну башынан өткөрүшөт.

4-ЭТАП. 7 жаштан 9 жашка чейин

Физиологиялык өнүгүү
• Таяныч-кыймылдатуу аппараты, жүрөк кан-тамыр жана борбордук нерв системалары калыптануусун улантат.
• Кыймыл-аракет активдүүлүгү жогорулайт. Балдар чыдамкай боло башташат, барган сайын көбөйүп жаткан физикалык оордуктарды жеңе алышат. Алардын организми күн режиминин акырындап өзгөрүүсүнө даяр.

Психикалык өнүгүү
• Негизги психикалык процесстердин катуу өнүгүүсү байкалат.
• Эс-тутумдун өндүрүмдүүлүгү кыйла жогорулайт.
• Логикалык ой жүгүртүү көрүнө баштайт.
• Таанып билүүгө карата өз алдынча кызыгуусун көрсөтүшөт, байкоо жүргүзөт, жаңы маалыматка кызыгышат.
• Курчаган дүйнө тууралуу билимдердин базалык запасына ээ болушат, анын негизинде өз бүтүмдөрүн жасай алышат.
• Эрк аракеттерин көрсөтө алышат, өзгөчө кызыгууну пайда кылбаган ишмердүүлүккө көңүл борборун топтошот.
• Кыялдануулары абдан өнүккөн. Кыялданууну, ачык элестетүү жана образдарды ойлоп табышат.

Интеллектуалдык жана социалдык өнүгүү
• Интеллектуалдык өнүгүүдө көп өзгөрүүлөр болуп өтөт.
• Таанып-билүү ишмердүүлүгүнүн негизги түрү болуп оюн кала берет. Балдар эрежелерди сактоо менен ойношот.  Кыймылдуу жана сюжеттик-ролдук оюндар басымдуулук кылат. Татаал оюндардын аракеттенүү принцибин жеңил түшүнөт, жаңыларын оңой эле үйрөнүп алышат, билген ыкмаларын жакшыртышат.
• Курчап турган дүйнөнү активдүү таанышат, көп суроолорду беришет, мейкиндикте багытты жакшы таба алышат.
• Берилген алгоритм боюнча татаал эмес алгоритмдерди аткара алышат. Каталарын оңдоого, өз ишмердүүлүгүн түзөтүүгө жөндөмдүү.
• Жашоо кырдаалдарында жана оюндарда жаңы билимдерди пайдалана алышат.
• Коммуникативдик байланыштарды жөнгө сала алышат. Бул мезгилде алгачкы достук мамилелер түзүлөт.
• Өзүн өзү тейлөө ыкмаларын жакшы билип, негизги гигиеналык процедураларды аткара алышат.

5-ЭТАП. 10 жаштан 15 жашка чейин

Жыныстык жетилүү процесси жүрөт. Организм физикалык, психологиялык, интеллектуалдык жана социалдык өзгөрүүлөргө дуушар болот.

Физикалык өнүгүү
• Бул курактагы өсүү тез эле болбостон, тегиз да эмес. Ошондуктан көбүнчө алар өзүн чарчаңкы, эпсиз сезишет, бардыгынын көңүлүн буруп жатабыз деп ойлошот, өздөрүн ыңгайсыз сезишет.
• Жыныстык жетилүүнүн белгилери пайда боло баштайт. Карама-каршы жыныска кызыгуусун билдирет. Кыздарда бул эрте башталат.
• Кыздар адатта эркек балдарга караганда улуу көрүнүшөт.
• Көпчүлүгүнүн тамакка болгон табити жакшы болот.
• Кээде жалкоо сыяктуу көрүнүшү мүмкүн (организмди ашыкча чыңалуудан коргоонун табигый ыкмасы).

Психикалык өнүгүү
• Алардын физикалык абалына ылайык маанайдын кескин өзгөрүүсү байкалат.
• Көп учурда тез ачууланышат. Зарыл деп эсептеген учурда сабыр кылууга жөндөмдүү болушат.
• Акырындап өзүнө ишене баштайт. Энтузиазмге ээ болушат.
• Тамашалаша билишет.
• Өз көз караштарын өжөрлүк менен карманууга, ага бардык жерде ынандырууга аракет кылышат.

Интеллектуалдык өнүгүү
• Ой жүгүртүүдө өзгөрүүлөр жүрөт. Фактыларды жана далилдерди талап кылышат. Аларга айтып жаткандардын бардыгын жан дили менен кабыл албай калышат жана бардыгын сындашат. Өзгөчө авторитеттерди сындашат. Башкалар менен бирдей ишенимдерди карманууну каалашпайт. Алардын каалоолоруна карама-каршы келген ой жүгүртүүлөрдү кабыл алуулары кыйын.
• Абстракттуу ой жүгүртө баштайт, бирок адатта бардык нерсеге өтө «контрасттык» гана түшүндүрмөлөрдү табышат. Же бардыгын кара түстө, же болбосо ак түстө көрөт.
• Логикалык ой жүгүртүүгө болгон жөндөмдүүлүк жогорулайт.
• Убакытты жана мейкиндикти татаал кабыл алууга жөндөмдүү.
• Чыгармачыл кыялдарын жана чыгармачылык ишмердүүлүгүн көрсөтүүгө жөндөмдүү.
• Кылган иштеринин кесепеттерин божомолдоого жөндөмдүү.
• Китеп окуунун өнүккөн көндүмдөрүнө ээ.

Социалдык өнүгүү
• Курбалдаштарынын тобу менен достошуу каалоосу жогорулайт. Үй-бүлөсүнөн көз карандысыз болгулары келет. Тез эле чоңоюуну каалашат.
• Ата-энесинин жана башка чоңдордун ой-пикирлерине сезимтал келишет, алар тараптан түшүнүүнүн болуусун каалашат.
• Мамиле түзүү көндүмдөрүнө ээ боло башташат. Өзүнүн курбалдаштарынын жактыруусуна кандай болбосун жетишүүгө жөндөмдүү.
• Мелдешүү ишмердүүлүгү өнүгөт.
• Кыздар өз курбалдаштары менен достошот, бирок адатта чоңураак балдарга кызыгышат. Эркек балдар бул куракта кыздарга кызыгышы мүмкүн эмес, бирок аларга өз жынысындагы жана курагындагы өзгөчө досторго ээ болуу жагат.
• Модага абдан таасирленишет. Модалуу нерселерге оңой эле кызыгышат.

Ата-энелерге баланын курактык өзгөчөлүктөрү, анын мүмкүнчүлүктөрү жана керектөөлөрү тууралуу билүү, ошондой эле баланын жашоосунун ар кандай мезгилдериндеги анын мүнөзүндөгү же жүрүм-турумундагы  өзгөрүүлөргө даяр болуу абдан маанилүү.

Албетте, бардык балдар ар кандай жана ар бир бала өзүнчө өнүгөт, ошого карабастан өнүгүүнүн жалпы мыйзам ченемдүүлүктөрү бар. Мисалы, 2-3 жашында бала али көпкө чейин бир нерсеге көңүл борборун топтой албайт, бат эле алаксып кетет, ал 3 жашында кулак салбай жана бардыгын тескерисинче жасашы мүмкүн, 6-7 жашында анын өз алдынчалыкка болгон умтулуусу күчөйт жана 10 жашында бардык нерсеге сынчылык мамилеси калыптанат. Балага анын алы жетпеген талаптарды коюу менен шашылбоо жана ошол эле учурда анын чыныгы мүмкүнчүлүктөрүнөн артта калбоо, сабырдуу болуу жана балаңыздын бардык кылган иштерине жайбаракат мамиле кылуу үчүн тигил же бул курактык мезгилге мүнөздүү келген өзгөчөлүктөр тууралуу билүү керек.

1 reply »

Leave a Reply

Your email address will not be published.