Алдын алуу

Бишкекте тамекини таштоо акциясы өтүүдө

382

Бүгүн, 12-апрелде Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүн майрамдоонун алкагында “Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамеки жана никотинди керектөөнүн кесепеттеринен коргоо” акциясы болуп өттү.

Иш чаранын максаты – тамекинин адамдын ден соолугуна зыяны тууралуу коомчулукка маалымат берүү жана жугуштуу эмес оорулардын алдын алуу.

Бул акцияга 6-11-12-кичирайонунун жашоочулары, №39 мектептин өкүлдөрү, Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери катышты. Келген адамдарга №8 ҮМБнун медицина кызматкерлери тарабынан: алардын кан басымын өлчөө, РДЧжМК борборунун адистери тарабынан, тамекини таштоо тууралуу кеңештер берилип, материалдык көргөзмөлөрдү жайылтуу кызматтары көрсөтүлдү.

2022-жылдагы Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүн темасы “Биздин планета – биздин ден-соолук”. Ал биздин планетанын саламаттыгы менен бардык тирүү жандардын – адамдардын, жаныбарлардын, өсүмдүктөрдүн саламаттыгынын ортосундагы байланышка негизделген.

ТАМЕКИНИ ЖАНА НИКОТИНДИ ТАШТОО БОЮНЧА АКЫСЫЗ ТЕЛЕФОН АРКЫЛУУ ЖАРДАМ БЕРҮҮ БАГЫТЫНЫН НОМЕРИ – 2103 (Мегаком, О! жана Билайн).

Leave a Reply

Your email address will not be published.