6 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ БАЛДАРДЫН ТИШИН КАНТИП ТУУРА ТАЗАЛОО КЕРЕК
Тиштерди эртең менен жана кечинде тамактангандан кийин тазалоо керек. Бүт процедура 3 мүнөттөн кем болбоого тийиш.
6 жашка чейинки балдардын тишин чоңдордун көзөмөлү астында тазалоо керек.
1. Щеткага тиш пастасын бир аз өлчөмдө алабыз.
2. Тиштерибизди бириктиребиз жана жылмаябыз. Алгач тиштердин маңдайкы бетине 10 тегерекченин сүрөтүн, андан кийин оң жагына 10 тегерекче, андан соң сол жагына 10 тегерекче тартабыз.
3. Оозду ачабыз – тиштеги дөңсөөлөрдү жана уячаларды 10 жолудан алдыга-артка, б.а. эки жаакта тең сол жана оң жактан чайноочу беттерди тазалайбыз.
4. Тиштердин ички беттерин кызылдан акка чейин – бүйлөдөн тиш кабына чейин шыпыруучу кыймылдар менен тазалайбыз. Ар бир эки тишке 10 кыймылдан жасайбыз.
5. Тазалап бүткөндөн кийин оозубузду таза суу менен жакшылап чайкайбыз. Тиш щётканы самындап жакшылап жууйбуз жана башын жогору каратып стаканда сактайбыз. Щётканы ар бир 3-4 ай сайын алмаштыруу керек.

Урматту ата-энелер!
Баланы тиштерин үзгүлтүксүз жана туура тазалаганга үйрөтүү маанилүү. 3 айда бир жолу профилактикалык текшерүүлөр үчүн тиш доктурга баруу сунушталат.
ТУУРА АДАТТАРДЫ ЭРТЕ ЖАШЫНАН ҮЙРӨТКҮЛӨ!
Таза тиштер – бекем ден соолук — PDF файлды ачуу
Categories: ДЕН СООЛУК, Санитария жана гигиена