Кургак учук

Кургак учук

72

USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору ММК менен 4 жылдык кызматташуунун жыйынтыктарын жана КРда кургак учук темасын чагылдыруунун келечегин талкуулады.

Жыйындын катышуучулары төмөнкүдөй маселелерди талкуулашты:

  • КР кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлүп жаткан реформаларды ММКларда чагылдыруунун өзгөчөлүктөрү;
  • кургак учук темасын чагылдырууда эске алынуучу гендердик тоскоолдуктар;
  • кургак учук темасын сапаттуу чагылдыруу үчүн журналисттердин потенциалын жогорулатууда «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун ролу;
  • жаш муундардын кургак учук жөнүндө маалымдуулугун жогорулатуу жана дени сак жамааттарды жайылтуу боюнча студенттик ыктыярчылык.

Жумушчу кеңешмеде ММК өкүлдөрү арасында кургак учук темасын жана КР кургак учукка каршы кызматында жүргүзүлүп жаткан реформаларды чагылдыруу боюнча сынактын жыйынтыктары жарыяланды. Сынак КР Саламаттык сактоо министрлиги жана Улуттук фтизиатрия борбору менен биргеликте USAIDдин «Кургак учукту айыктыруу» долбоору тарабынан уюштурулган.

Сынактын максаты – коомчулуктун көңүлүн төмөнкүдөй темаларга буруу:

  • КР кургак учукка каршы кызматында «Кургак учукту айыктыруу» долбоорунун колдоосу менен жүргүзүлүп жаткан реформалардын жыйынтыктары;
  • кодулоо жана басмырлоону азайтуу жана алар үчүн колдоочу чөйрөнү түзүү үчүн кургак учуктан жабыркаган адамдарга коомчулуктун мамилесин өзгөртүү;
  • кургак учук диагнозу аныктоо үчүн текшерүүдөн жана кургак учукка каршы дарылоону үзгүлтүксүз аягына чейин өтүү үчүн саламаттык сактоо уюмдарына эрте кайрылууга түрткү берүү;
  • кургак учук менен ооруган бейтаптарды дарыланууга болгон умтулуусун жогорулатуу.

Өзгөчө белгилей кетчу нерсе, сынакка берилген журналистердин эмгектеринин 80%дан ашыгы жаш журналисттерге таандык, жана алардын жарымы аймактык журналисттер тарабынан жасалган. Сынактын байгелери (ноутбуктар, планшеттер, маалымат сактоочу тышкы дисктер) жеңүүчүлөр аларды мындан аркы кесиптик ишмердүүлүгүндө колдоно ала тургандыгын эске алуу менен «Кургак учукту айыктыруу» долбоору тарабынан камсыз кылынды. Муну менен кургак учук проблемасы мындан ары да Кыргызстандын калкынын саламаттыгы үчүн жан дили менен ооруган журналисттердин көңүл чордонунда кала беришине өбөлгө түзүлүүдө.

Categories: Кургак учук

Leave a Reply

Your email address will not be published.