ЖАҢЫЛЫКТАР

Тегерек стол: Калкты тамекинин зыяндуулугунан коргоо

354

Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү Министрилиги менен Бүткүл Дүйнөлүк Саламаттыкты сактоо уюму (БДСУ) биргелешип уштурган тегерек стол болуп өттү.

БДСУнун маалыматтарына ылайык ар бир 8 секунд сайын дүйнөдө тамекинин кесепетинен кимдир бирөө каза табат. Тамеки чеккен адамдын өмүрү 20-25 жылга кыска болоору дагы аныкталган.


Республикалык ден соолукту чыңдоо жана массалык коммуникация борбору БДСУнун Бишкектеги өкүлдөрү менен биргеликте “ОРИОН” бизнес борборунда тамекинин терс таасири боюнча бир нече министрликтердин жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн арасында атайын тегерек стол өткөрүлдү.
Төрт саатка созулган иш-чарада, калктын саламаттыгы үчүн тамекинин зыяндуулугунун алдын алуу боюнча коюлган талаптарды күчөтүү максатында адистер презентация жасашты. Ага улай 2021-жылдын 29-июлунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланып, атайы даярдалган флешмоб жана кофе-брейк менен коштолду.

Бул үчүн Улуттук коалициянын мүчөлөрү, Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун Кыргызстандагы өкүлчүлүгү, КР Саламаттыкты сактоо жана Социалдык өнүктүрүү министрлигинин өкүлдөрү биригип иш алып барууда.
Кыргыз Республикасынын Президенти Жапаров Садыр Нургожоевичке кайрылып «Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун тамекини, никотинди керектөөнүн кесепеттеринен жана айланадагы тамеки түтүнүнүн жана аэрозолдун таасиринен коргоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна кол коюшун сураналы деп чечишти.

Leave a Reply

Your email address will not be published.