Жугуштуу оорулар

Трансмиссивдүү инфекциялар: чиркейдин чакканы аркылуу жугуучу оорулардан кантип сактанууга болот?

532

Жаз-жай мезгилинде чагуучу курт-кумурскалар аркылуу жугуучу оорулардын – трансмиссивдүү инфекциялардын – көбөйүү коркунучу жогорулайт.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жарандарды өзгөчө эндемикалык өлкөлөргө туристтик сапарларга чыккан учурда алдын алуу чараларын сактоонун маанилүүлүгүнө көңүл бурууга чакырат.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда жолборс чиркейлери аркылуу жугуучу вирустардын ички учурлары каттала элек. Бирок 2020–2024-жылдар аралыгында безгектин 11 учуру катталып, алардын баары дээрлик жогорку кооптуу өлкөлөрдөн кайтып келген жарандарда аныкталган. Өз убагында диагноз коюлуп, дарылоо жүргүзүлгөндүктөн, оорунун жайылышынын алдын алуу мүмкүн болгон.

Көптөгөн өлкөлөрдү кооптонтуп жаткан трансмиссивдүү оорулардын бири -чикунгунья вирусу.

Бул жугуштуу илдет негизинен Aedes albopictus (азиялык жолборс чиркей) жана Aedes aegypti чиркейлери аркылуу жугат.

Оору дененин табын жогорулатып, муундарды катуу оорутуп жана денеге бүдүрчөлөрдүн чыгышы менен коштолот. Айрым учурларда муун оорулары бир нече айга, кээде бир нече жылга чейин уланып, бейтаптын жашоо сапатына терс таасир тийгизет.

Чикунгунья вирусун жугузган ошол эле чиркейлер Зика вирусун, Денге калтыратмасын, Батыш Нил вирусун жана Конго-Крым геморрагиялык ысытмасын да тарата алышат. жолборс чиркейлери жаңы климаттык шарттарга бат адаптация болуп, ареалын кеңейтип жатат. Алар Европанын, Азиянын, ошондой эле Кыргызстанга жакын аймактарда да байкала баштады.

Ошондуктан Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуу чараларын сактоо өтө маанилүү экенин эскертет.

Эндемикалык аймактарга – Африка, Түштүк Азия жана Түштүк Америка өлкөлөрүнө сапарга чыгууну пландагандарга министрлик төмөнкү сунуштарды берет:

– Дарыгерге кайрылып, безгекти алдын алуучу дары-дармектерди туура тандаңыз;
– Дарыны алдын ала ичип баштап, бүт сапар учурунда жана мекенге кайткандан кийин дагы 1 ай улантыңыз;

Бараткан өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды алдын ала билип алыңыз.

– Чиркейлердин чагуусунан коргонуу боюнча сунуштар:
Репелленттерди колдонуңуз (чиркейлерди кубалоочу каражаттар);
– Айрыкча эртең менен жана кечинде колуңузду жана бутуңузду жаап турган кийим кийүү;
– Чиркей торунун астында уктоо;
– Турак жайларда суунун топтолушуна жол бербеңиз;

Дене табынын көтөрүлүшү, муун оорулары, бүдүрлөр сыяктуу белгилер пайда болсо, дарыгерге кайрылып, чет өлкөгө барганыңызды сөзсүз айтып бериңиз.

Трансмиссивдүү ооруларды алдын алуу мүмкүн. Өз убагында маалымат алуу, этияттык чараларын сактоо жана дарыгерге убагында кайрылуу – бул сиздин жана жакындарыңыздын ден соолугуна кам көрүүнүн негизги жолдору.

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги эс алуу мезгилинде жарандарды жоопкерчиликтүү мамилеге чакырат.

Булак: КР Саламаттык сактоо министрлиги

Leave a Reply

Your email address will not be published.